Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
6-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 15-августу № 60
Балдар ойноочу аянтча жөнүндө
Семетей айыл аймагына караштуу Жайылган айылына балдар ойноочу аянтча куруу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү айыл башчы А.Исмановдун кайрылуусун айылдык кеңеш угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-беренесинин негизинде;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайылган айыл башчысы А.Исмановдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Жайылган айылына балдар ойноочу аянтчасын куруу үчүн 500 000сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
3. Иш алып баруу жагы Семетей айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы З.Шабданбековага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет жана экономика, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |