Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
8-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 23-сентябры № 63
Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 30-январындагы
№5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Манас райондук мамлекеттик администрациясынын акимдин биринчи орун басары Р.Джеенбековдун 2025-жылдын 15-сентябрындагы №01-18/2686 жана Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловдун 2025-жылдын 22-сентябрындагы №01-10/622 сандуу кайрылуусун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы киреше салыгы 39738,2 мин сомго бекитилген, иш жүзүндө түшүүчү сумма 32107.2 миң сомду түзүүдө. Жыл башында ашыкча бекитилген киреше салыгы түшпөгөндүгүнө байланыштуу, киреше бөлүгүнөн 7631,4 миң сомго кыскартылып, чыгаша бөлүгүнүн төмөндөгү бөлүмдөрүнөн 7631,4 миң сомго кыскартылсын.
70111 - Аппарат бөлүмүнөн | 2215 - беренесинин – | 3393,5 миң сом |
| 3112 – беренесинин – | 731,6 миң сом, |
70821 - Китепканадан | 3112 – беренесинен - | 710,0 миң сом, |
70862 - Культурадан | 3111 – беренесинен – | 400,0 миң сом, |
70921 - Мектептен | 3111 – беренесинин – | 818,8 миң сом, |
| 3112 – беренесинин – | 145,0 миң сом, |
70911 – Бала бакча | 2218 – беренесинин – | 1041,5 миң сом, |
| 3112 – беренесинин – | 391,0 миң сом, |
Жалпы суммасы: |
| 7631,4 миң сом |
2. Иш алып баруу жагы Семетей айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы З.Шабданбековага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |