Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
9-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 68
Акча каражаты жөнүндө
Семетей айыл өкмөтүнүн эсеп счетуна, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн пландан тышкары түшкөн акча каражаты жөнүндөгү, өкмөт башчысы К.Рыскуловдун 2025-жылдын 14-октябрындагы №01-11/784 сандуу кайрылуусун угуп, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү жөнүндө Мыйзамынын” негизинде;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө палатасынын жыйынтыгынын негизинде, Семетей айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бекитилген бюджеттеги пландан тышкары кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысы үчүн түшкөн 448,0 (төрт жүз кырк сегиз) миң сом акча каражаты киреше булагына түшүрүлүп, планы көбөйтүлүп, бекитилсин.
2. Семетей айылындагы “Бакыт” балдар бакчасы ата-энелердин төлөмү бала-башына 1500 (бир миң беш жүз) сомдон бекитилсин.
2.1. Арал айылындагы “Байчечекей” балдар бакчасы ата-энелердин төлөмү бала-башына 1600 (бир миң алты жүз) сомдон бекитилсин.
2.2. Арал айылындагы “Алтын келечек” балдар бакчасы ата-энелердин төлөмү бала-башына 1600 (бир миң алты жүз) сомдон бекитилсин.
3. Иш алып баруу жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика, инвестиция боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.А.Элебесовго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |