ТоктомКүчүндө

Уч-Коргон айылдык кенешинин 2025-жылдын 22-майындагы № 29-25 «Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасын жана орун басарын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция22.05.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Уч-Коргон айылдык кенешинин 29- чакырылышынын

кезектеги 7 -сессиясы

 

2025-жылдын 22-майы № 29-25

 

Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасын жана орун басарын бекитүү жөнүндө

 

Үч-Коргон айылдык кенешинин 29- чакырылышынын кезексиз 7-сессиясынын күн тартибинде Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасын жана орун басарын бекитүү каралып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14- мартындагы №56- буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагалыгына ачык добуш берүү боюнча, эсептөө комиссиясынын жыйынтыгы менен Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасы болуп, депутат-төраганын орун басары Уметалиев Манасбек Исаевич төрага болуп шайлангандыгы таанылсын.

 

2. Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Абдувалиев Аскар Абдирахимович шайлангандыгы таанылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

М. И. Уметалиев