Редакцияот 29.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Уч-Коргон айылдык кенешинин 29- чакырылышынын

кезектеги 8 -сессиясы

 

2025-жылдын 29-майы № 29-30

 

Саркынды суу төгүлүүчү жер жөнүндө

 

Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы көп кабаттуу имараттардын саркынды суу төгүүчү жерди (отстойник) муниципалдык менчикке алуу маселесин Үч-Коргон айылдык кеңеши талкууга салып;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Коргон айыл аймагында жайгашкан Үч-Коргон айылына бурулуштагы Кызыл-Жылдыз айылынын көп кабаттуу имараттардын саркынды суу төгүүчү жер муниципалдык менчикке алынсын

 

2. Тийиштүү документтерди бүткөрүү жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Барпыбековго  милдеттендирилсин.

 

3. Бюджет, экономика, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция, жеке ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Айтбековага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

М. И. Уметалиев