Редакцияот 14.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Уч-Коргон айылдык кенешинин 29- чакырылышынын

кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 14-октябры № 29-42

 

Мектепке чейинки билим берүүчү мекемеси № 51 кесиптик лицейин документин “Бөбөк”балдар бакчасына которуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Минстирлер Кабинетинин 2025 –жылдын 24-апрелиндеги №230 сандуу токтомун жана КР Билим берүү жана илим минстирлигинин 2025-жылдын 5-июнундагы №03-3/22112 сандуу катын аткаруу максатында Үч-Коргон айылдык кеңеши талкууга салып;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Коргон айыл аймагындагы Кызыл-Жылдыз айылындагы №51 кесиптик лицейи “Бөбөк” бала-бакчасы болуп бекитилсин.

 

2. Мектепке чейинки билим берүүчү мекемеси “Бөбөк” балдар бакчасынын Уставы жаңы редакцияда бекитилсин.

 

3. Мекеменин юридикалык дареги (жайгашкан жери) Талас облусу Манас району Кызыл-Жылдыз айылы Ч.Айтматов көчөсү

 

4. Мекемеге тиешелүү юстиция органдарынан мамлекеттик кайра каттооодон өткөрүлсүн.

 

5. Мекеменин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жагы мекеменин жетекчиси Кожобаева Г. милдеттендирилсин

 

 

Төрага

 

А. Абдувалиев