Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 11-февралы № 40
Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө
Органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү, ички жана тышкы рыноктордо ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун жана экологиялык туруктуулугун чыңдоо, Кыргыз Республикасында органикалык продукцияны өндүрүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү колдоо максатында экологиялык туруктуу айыл чарбаны өнүктүрүүгө, жаратылыш жана жер ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана жарандардын тамак-ашынын сапатын жогорулатууга багытталган ырааттуу саясат жүзөгө ашырылууда.
Ушуга байланыштуу, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана калктын органикалык продукттардын пайдасы жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу жана экосистемаларга терс таасир этүүнү минималдаштыруучу практиканы жайылтуу үчүн, азык-түлүк коопсуздугу, жарандардын ден соолугу жана экологиялык таза өлкө катары Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркы үчүн органикалык айыл чарбанын маанилүүлүгүн эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Сентябрдын акыркы жума күнү жыл сайын өткөрүлүүчү (белгиленүүчү) Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери жана айыл аймактарынын башчылары:
- айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү, илимий жана билим берүү мекемелери, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери, экологиялык активисттер жана волонтерлор менен биргеликте Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүүнү, анын ичинде органикалык продукция жарманкелерин, көргөзмөлөрүн жана дегустацияларын; фермерлер үчүн органикалык дыйканчылык технологиялары боюнча семинарларды жана тренингдерди; мектеп окуучулары жана студенттер үчүн органикалык өндүрүш жана туура тамактануу темасы боюнча агартуу иш-чараларын өткөрүүнү уюштурсун;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашырууну бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде жүзөгө ашырсын.
3. Төмөнкүлөр сунушталсын:
- шаарлардын мэрлерине, айыл аймактарынын башчыларына 2026-жылдын 1-майына чейин Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн майрамдоого арналган иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана тиешелүү жергиликтүү кеңештердин бекитүүсүнө киргизүү;
- жалпыга маалымдоо каражаттарына жана өкмөттүк эмес уюмдарга органикалык айыл чарба, анын калктын саламаттыгы жана өлкөнүн экологиясы үчүн пайдасы жөнүндө билимдерди жайылтууга көмөк көрсөтүү.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |