Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 04-февралы № 08
Жергиликтүү өзүн -өзү башкаруу Союзуна мүчөлүк акыны бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамынын 22-беренесин жетекчиликке алып, Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик,айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишжана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап , Нарзан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн -өзү башкаруу Созуна мүчөлүк акыны , айыл аймактын ар бир жашоосуна 3(үч сом ) өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул жылдын бюджетинен 105 000(жүз беш миң)сом 70111”Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар” бөлүмүнүн 26211300 беренесине каралсын.
3. Ушул токтом Нарзан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Жооптуу катчы бул токтомду каттап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын у.м.а |
| А.Т. Урманбетов |