Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 04-февралы № 09
Беловодск айылынын аталышын өзгөртүү боюнча сунуш киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34- жана 39-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча Нарзан айылдык кенешинин туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Нарзан айылдык кеңеши сунуш кылат:
1. Чүй облусу, Москва району, Нарзан айыл аймагынын курамындагы Беловодск айылынын аталышын “Жети-Суу” айылы деп өзгөртүү боюнча сунуш жактырылсын.
2. Беловодск айылынын аталышын өзгөртүү тууралуу ушул сунушту белгиленген тартипте Москва райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүү камсыз кылынсын.
3. Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы айылдын аталышын өзгөртүү боюнча негиздеме, тарыхый-маалыматтык маалымат, коомдук угуу/жыйындын материалдары жана башка талап кылынган документтерди даярдап, тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштоону камсыз кылсын.
4. Жооптуу катчы ушул токтомду белгиленген тартипте каттасын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
5. Ушул токтом сунуш иретинде кабыл алынган болуп эсептелет жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан колдоо табылган учурда белгиленген мыйзамдуу тартипте күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча Нарзан айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын у.м.а |
| А.Т. Урманбетов |