РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 83-т (2025-жылдын 10-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан контролдонуучу эл аралык берүүлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактыруу тууралуу) тескемеси

Редакцияот 18.02.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 18-февралы № 83-т

 

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. 2025-жылдын 10-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан контролдонуучу эл аралык берүүлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Келишимди ишке ашырууга жооптуу болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев