Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги N 239 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасындагы жер участокторун ижара шарттарында берүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасындагы мамлекеттик менчикте турган жер участокторун жеке жана юридикалык жактарга ижара шарттарында пайдаланууга берүү эрежелерин аныктайт.
2. Коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн парк-пляж зоналарын жеке жана юридикалык жактарга ижара шартында пайдаланууга берүү укугуна жергиликтүү мамлекеттик администрация ээ болот.
3. Коомдук пляждар жана муниципалдык коомдук пляждар "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын өзөк зонасындагы жерлерди кошпогондо, жалпы пайдалануудагы парк-пляж зоналарынын аймагында уюштурулушу мүмкүн.
4. Коомдук пляждар жеке жана юридикалык жактардын пайдалануусуна ижара келишимине ылайык ижара шарттарында беш жылга чейинки мөөнөткө берилет.
5. Парк-пляж зонасынын жер участогун пайдалануу үчүн ижара акысы жана аны төлөө тартиби келишимдин негизинде белгиленет.
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечиминин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн парк-пляж зоналар он жылга чейинки мөөнөткө түз келишим түзүү аркылуу ижара шартында берилет.
7. Токой чарбаларынын жана башка мамлекеттик органдардын, мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган парк-пляж зоналарын пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана/же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимине ылайык аныкталат.
8. Парк-пляж зонаны пайдалануу үчүн ижара акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан бекитилген Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасына ижара келишимин түзүү укугуна ижара акысынын өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө нускамага ылайык аныкталат.
9. Жергиликтүү мамлекеттик администрация ижарага алуучулар тарабынан ижара акысын өз убагында төлөнүшүн эсепке алат жана келишимдин аткарылышын контролдойт.
10. Ижара акысы кирешелердин бекитилген бюджеттик классификациясынын тиешелүү элементи боюнча республикалык бюджеттин кирешесине Бирдиктүү казыналык эсепке төлөнөт.
11. Парк-пляж зонасынын ижарасынан алынган киреше республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелери болуп саналат.
12. Ижара келишими аткарылбаган учурда ижарага берүүчү ижара келишимин бир тараптуу тартипте бузууга жана парк-пляж зонасын конкурска коюуга укуктуу, конкурстун жыйынтыгы боюнча келишим түзүүдөн баш тартылган учурда, талапкер тарабынан төлөнгөн кепилдик төгүм кайтарылбайт.
13. Муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүлүп берилген парк-пляж зоналарды пайдалануу үчүн ижара акысы экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык, архитектуралык жана ижара келишиминде каралган башка шарттарды камсыз кылуунун эсебинен төлөнөт.
14. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
ижарага берүүчү - коомдук пляжды жана муниципалдык коомдук пляжды уюштуруу үчүн парк-пляждык зонасын ижара шартында пайдаланууга берүүчү жергиликтүү мамлекеттик администрация;
ижарага алуучу - ушул Тартипке ылайык коомдук пляжды же муниципалдык коомдук пляжды уюштуруу үчүн ижара келишимин түзгөн жеке же юридикалык жак;
ижара келишими - ижарага берүүчү менен ижарага алуучунун ортосундагы мамлекеттик менчиктеги парк-пляж зонасын ижара шартында убактылуу пайдалануу жөнүндө келишим;
өтүнмө ээси - коомдук пляжды же муниципалдык коомдук пляжды уюштуруу үчүн парк-пляж зонасын убактылуу пайдаланууга алуу ниетин жазуу жүзүндө билдирген жеке же юридикалык жак;
конкурс - ушул Тартипке ылайык өтүнмөлөрдү кароо жол-жобосу;
муниципалдык коомдук пляж - экологиялык талаптарга ылайык атайын бөлүнгөн техникалык зонасы жана сууга түшүү зонасы менен эс алууну уюштуруу жана рекреациялык кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына пайдаланууга берилүүчү парк-пляж зонасы;
коомдук пляж - экологиялык талаптарга ылайык атайын бөлүнгөн техникалык зонасы жана сууга түшүү зонасы менен эс алууну уюштуруу жана рекреациялык кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кошпогондо жеке же юридикалык жактарга ижара шартында берилген парк-пляж зонасы;
парк-пляж зонасы - Ысык-Көлдүн суусу бүткөн жерден туурасы 100 метрге чейинки жалпы пайдалануудагы аймак;
жер участогун (парк-пляж зонасын) түзүү - шаар куруу, экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана башка ченемдердин талаптарын аныктоого, анын ичинде коомдук пляжды уюштуруу максатында аны ижарага берүү үчүн жер участогунун чек араларын белгилөөгө багытталган жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан аймактык архитектура жана курулуш органы менен биргеликте ишке ашырылуучу укуктук, уюштуруучулук жана техникалык иш-чаралардын комплекси.
2-глава. Коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн парк-пляж зоналарын берүү
15. Парк-пляж зонасы юридикалык жана жеке жактардын пайдалануусуна коомдук муктаждыктарды канааттандыруу максатында ижара шартында төмөнкүлөр үчүн берилиши мүмкүн:
1) конкурстун негизинде, ошондой эле ушул Тартипте белгиленген эрежелерге ылайык түз ижара келишимин түзүү жолу менен коомдук пляждарды уюштуруу;
2) ушул Тартипте белгиленген эрежелерге ылайык түз ижара келишимин түзүү жолу менен муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу.
16. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, өтүнмө ээсинин аффилирленген жактары конкурска же парк-пляж зонасына түз ижара келишимин түзүү боюнча чечимин кабыл алууга катышууга укуксуз.
17. Төмөнкүлөр аффилирленген жактар деп таанылат:
1) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын кызматкерлери жана алардын жакын туугандары;
2) өтүнмө ээсинин - жеке жактын жакын туугандары;
3) өтүнмө ээсинин - юридикалык жактын уюмдаштыруучулары же анын соңку ээлери болуп саналган жактар.
3-глава. Конкурсту өткөрүү боюнча жалпы жоболор
18. Конкурсту өткөрүү жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын коомдук пляжды уюштуруу максатында парк-пляж зонасын ижара шартында берүү зарылдыгы жөнүндө чечими;
2) жеке же юридикалык жактын коомдук пляжды уюштуруу үчүн парк-пляж зонасын берүү өтүнүчү менен кайрылуусу.
19. Жергиликтүү мамлекеттик администрация коомдук пляжды уюштуруу үчүн парк-пляж зонасын пайдалануу боюнча конкурстук шарттарды иштеп чыгат.
Конкурстук шарттар өзүнө документтердин төмөнкү тизмегин камтыйт:
- ушул Тартиптин 1-тиркемесинде берилген форма боюнча конкурска катышууга өтүнмө;
- коомдук пляжды уюштуруунун эскиздик долбоору;
- конкурстун шарттарын жана ижаранын өлчөмүн аткаруу боюнча сунуштар;
- кепилдик төгүмдү ырастоочу төлөм документинин көчүрмөсү;
- коомдук пляжды уюштуруунун сметалык наркы жана мөөнөттөрү;
- архитектуралык-көркөм жана архитектуралык-пландоо чечимдери;
- объекттин инженердик-техникалык мүнөздөмөсүнүн сунуштары;
- жаңы жумуш орундарынын саны;
- экологиялык таза технологияларды жана материалдарды пайдалануу боюнча милдеттенмелер.
20. Парк-пляж зонасын ижарага берүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечими менен Парк-пляж зонасын ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча туруктуу иштөөчү комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны жети адамдан кем эмес болот жана Комиссия Комиссиянын мүчөлөрүнүн так санынан турат.
21. Комиссиянын курамы жана анын төрагасы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын чечими менен бекитилет.
Комиссиянын төрагасы жана катчысы тиешелүү түрдө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин ичинен дайындалат.
22. Комиссиянын курамына шаар куруу жана архитектура, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы чөйрөсүндөгү көзөмөлдү камсыз кылуу, айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана туризм жана/же экология чөйрөсүндөгү ишкерлердин кызыкчылыктарын билдирген коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кирет.
23. Жергиликтүү мамлекеттик администрация (конкурсту уюштуруучу) конкурсту даярдоо үчүн:
1) конкурсту өткөрүү датасын көрсөтүү менен пландалган конкурстар боюнча маалыматтык өнөктүктү өткөрөт;
2) конкурска катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алууну уюштурат;
3) конкурсту өткөрүү боюнча уюштуруу маселелерин чечет.
24. Жергиликтүү мамлекеттик администрация конкурсту өткөрүү үчүн төмөнкү документтерди даярдайт:
1) парк-пляж зонасына үчүнчү жактардын укуктарынын жоктугун ырастоочу маалымкатты;
2) парк-пляж зонасынын техникалык коммуникациялары, жайгашкан жери жөнүндө маалымат көрсөтүлгөн документтерди жана жер участогун парк-пляж зонасы үчүн түзүүнүн жыйынтыгы боюнча алынган башка документтерди;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 "Ысыккөл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежелеринде көрсөтүлгөн техникалык, санитардык, экологиялык жана коомдук пляжды уюштурууга карата башка талаптар.
25. Өтүнмө ээсинин суроо-талабы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация ижара объектин визуалдык кароо максатында ага кирүүнү камсыз кылууга, ошондой эле таанышуу үчүн парк-пляж зонасына укук белгилөөчү жана башка документтерди берүүгө тийиш.
26. Конкурсту жөнүндө кулактандыруу конкурстун датасына чейин отуз күндөн кеч эмес мөөнөттө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын маалыматтык такталарында, сайтында, социалдык тармактарда жана башка маалымат алып жүрүүчүлөрдө жайгаштырылат.
27. Кулактандырууда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) парк-пляж зонасынын жайгашкан жери;
2) парк-пляж зонасынын мүнөздөмөлөрү (аянты, рельефи, парк-пляж зонасынын абалынын өзгөчөлүктөрү);
3) конкурсту өткөрүү шарттары, датасы, орду;
4) конкурска катышууга өтүнмөлөрдү жана ага тиркелген документтерди кабыл алуу башталган жана аяктаган дата;
5) конкурс жөнүндө кошумча маалыматтарды алууга мүмкүн болгон өтүнмөлөрдү кабыл алуу жеринин дареги;
6) ушул Тартиптин 8-пунктуна ылайык белгиленген ижара акысынын өлчөмү;
7) конкурска катышуу үчүн кепилдик төгүмдүн өлчөмү жана төлөө мөөнөтү;
8) берилүүчү парк-пляж зонасынын ижара мөөнөтү;
9) ушул Тартиптин 20-пунктуна ылайык конкурстук шарттар.
28. Өтүнмө ээлери чапталган конверттеги конкурстук сунушту тиркөө менен ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык бекитилген форма боюнча өтүнмөлөрдү берет.
29. Өтүнмө ээлери белгиленген жылдык ижара акысынын 10%ы өлчөмүндө кепилдик төгүмдү кулактандырууда белгиленген мөөнөттөрдө төлөйт.
30. Эгерде конкурс болбой калса, кепилдик төгүм кайтарып берилүүгө тийиш. Кепилдик төгүм конкурска катышып, бирок утпай калган адамдарга да кайтарып берилет.
31. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 "Ысыккөл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежелеринде көрсөтүлгөн талаптарды сактоо менен парк-пляж зонасынын эскиздик долбоору конкурстук сунуш болуп саналат.
32. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияга келип түшкөн өтүнмөлөр электрондук документ жүгүртүү системасында катталууга тийиш.
33. Конкурска катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу конкурс өткөрүлгөн күнгө үч жумуш күн калганда аяктайт.
34. Өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктагандан кийин үч жумуш күндүн ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрация Комиссиянын жыйналышын уюштурат, анда Комиссиянын мүчөлөрү өтүнмөлөрдү ушул Тартиптин 19-пунктунда көрсөтүлгөн, берилген документтердин комплекттүүлүгү боюнча талаптардын сакталышы боюнча баалоону жүргүзөт.
35. Жүргүзүлгөн баалоонун натыйжалары боюнча Комиссиянын жыйналышынын протоколу түзүлөт, анда конкурска уруксат берилген өтүнмө ээлеринин тизмеси бекитилет.
Комиссиянын жыйналышынын протоколунда ошондой эле өтүнмө ээсине конкурска катышууга уруксат бербөөнүн себептери жана конкурсту өткөрүү датасы көрсөтүлөт.
36. Өтүнмө ээсин конкурска катышууга уруксат бербөөнүн себептери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
1) ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык өтүнмөнүн формасында көрсөтүлгөн коштоочу документтердин жоктугу;
2) конкурстук сунуштун жоктугу;
3) эгерде конкурстук сунуш чапталган конвертте берилбесе;
4) өтүнмө аны кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү бүткөндөн кийин берилсе;
5) эгерде өтүнмө ээси же анын өкүлү ушул Тартиптин 17, 37-пункттарынын талаптарына ылайык келбесе;
6) ижара акысынын өлчөмүнүн 10%ы өлчөмүндө төлөнүүчү кепилдик төгүмдүн жоктугу.
37. Сынактын катышуучуларына коюлуучу талаптар:
1) өтүнмө берген жактар Кыргыз Республикасынын жарандары же Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактын расмий өкүлдөрү болууга тийиш;
2) өтүнмө берген учурда салыктык карызы болбоого тийиш;
3) конкурстук шарттарга толугу менен ылайык келүүгө тийиш.
38. Жергиликтүү мамлекеттик администрация конкурстун катышуучуларынан ал белгилеген талаптарга алардын ылайык келүүсү жөнүндө берилген материалдарды ырастоону талап кылууга укуктуу.
39. Жергиликтүү мамлекеттик администрация конкурстун катышуучусу анын конкурстун катышуучуларына коюлуучу талаптарга шайкеш келүүсү жөнүндө анык эмес маалыматтарды берген учурда аны конкурсту өткөрүүнүн бардык этабында конкурска катышуудан четтетүүгө милдеттүү.
Катышуучуну четтетүү эки күндүк мөөнөттө четтетүүнүн себебин жана аныкталган бузууларды четтетүүгө карата талаптарды көрсөтүү менен Комиссиянын төрагасынын, ал жок учурда төраганын орун басарынын кол тамгасы менен жазуу жүзүндө таризделет.
4-глава. Конкурсту өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү
40. Өтүнмө ээлеринин конкурстук сунуштарын ачуу Комиссиянын жыйналышында конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.
Комиссиянын жыйналышы төмөнкү учурларда анык деп таанылат:
- эгерде Комиссиянын катышуучуларынын саны Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/3 кем эмесин түзсө;
- конкурсту өткөрүү процессинде жыйналышка Комиссиянын төрагасы же төраганын орун басары катышканда.
41. Комиссия келип түшкөн конкурстук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурстун катышуучусунун маалыматтарын, негизги конкурстук шарттарды жарыялайт жана "коюлган максатка жетүү үчүн сунушталган мыкты шарттар" принциби боюнча келип түшкөн конкурстук сунуштарды баалоого киришет.
42. Берилген өтүнмөлөрдү баалоодо Комиссия конкурстун катышуучуларына алардын конкурстук сунуштарын түшүндүрүү үчүн кайрылууга укуктуу.
43. Конкурстун ар бир катышуучусуна конкурстук сунушту негиздөө менен чыгып сүйлөөгө (3 мүнөттөн ашык эмес) укук берүүгө жол берилет.
44. Конкурстук сунуштарды баалоо Комиссиянын ар бир мүчөсү тарабынан ушул Тартиптин 2-тиркемесинде берилген критерийлердин негизинде өзүнчө жүргүзүлөт.
45. Конкурстун жеңүүчүсү Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан ар бир өтүнмө боюнча коюлган баллдарды кошуу менен аныкталат.
46. Конкурстун жыйынтыгы боюнча конкурстун бардык катышуучуларынын баллдарын көрсөтүү жана эң жогорку балл алган конкурстун жеңүүчүсүн баалоо менен протокол түзүлөт.
47. Конкурстун эки же андан ашык катышуучусунун баллдары тең болуп калган учурда, кайрадан баалоо менен берилген конкурстук сунуштарды кошумча талкуулоо жүргүзүлөт.
48. Эгерде кайрадан баалоодо бир жеңүүчү аныкталбаса, анда чечим бирдей жогору балл алган катышуучулардын ортосунда чүчү кулактын негизинде кабыл алынат.
Чүчү кулактын жол-жобосу бирдей эң жогорку балл алган конкурстун катышуучулары тарабынан өз алдынча аныкталат.
49. Конкурс өткөрүү күнү Комиссия конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыгынын протоколуна кол коёт, ал конкурстун жеңүүчүсү менен ижара келишимин түзүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына жиберилет.
50. Конкурсту жеңген адам менен ижара келишимин түзүүдө ал төлөгөн кепилдик төгүмдүн суммасы ижара акысынын өлчөмүнө эсептелет.
51. Комиссиянын протоколунун негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрация үч жумуш күндүн ичинде ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык парк-пляж зонасынын типтүү ижара келишиминде аныкталган шарттарда конкурстун жеңүүчүсү менен ижара келишимин түзүүгө же парк-пляж зонасын ижарага берүүдөн баш тартуунун себептери жөнүндө өтүнмө ээсине жазуу жүзүндө кабарлоого тийиш.
52. Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан ушул Тартипти бузуу фактылары ырасталган учурларда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы Комиссиянын протоколуна макул болбоого укуктуу. Комиссиянын протоколуна макул болбоо жөнүндө кабыл алынган чечим эки жумуш күндүн ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын тийиштүү жүйөлөштүрүлгөн чечими менен таризделүүгө тийиш, аны менен Комиссиянын ар бир мүчөсү тааныштырылуусу керек.
Мындай учурда конкурс болгон жок деп таанылат, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечими сотко даттанылышы мүмкүн.
Тараптардын бири ижара келишимин аткаруудан баш тарткан учурда келишимдин экинчи тарабы келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укуктуу.
Конкурс төмөнкүдөй учурда да болгон жок деп таанылат:
1) эгерде бир катышуучу катышса;
2) эгерде конкурстун бардык катышуучулары баалоо критерийлерине ылайык 50 баллдан аз балл алса.
53. Конкурс болгон жок деп таанылган учурда, жергиликтүү мамлекеттик администрация ушул Тартиптин талаптарына ылайык кайрадан конкурс дайындайт.
54. Эгерде кайрадан өткөрүлүүчү конкурс ушул Тартиптин 52-пунктунда көрсөтүлгөн себептердин бири боюнча болгон жок деп таанылса, анда конкурс жокко чыгарылат.
Мындай учурда жергиликтүү мамлекеттик администрация өтүнмө берилген аймакта муниципалдык коомдук пляжды уюштуруу сунушу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайрылууга укуктуу.
5-глава. Коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу максатында андан ары бөлүү үчүн жер участогун (парк-пляж зонасы) түзүү
55. Ижарага берүү үчүн парк-пляж зонасынын жер участогу жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан андан ары бөлүү үчүн аймактык архитектура жана курулуш органы менен бирдикте түзүлөт.
56. Жергиликтүү мамлекеттик администрация коомдук пляжды уюштуруу үчүн парк-пляж зонасын берүү жөнүндө өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө жер участогун түзүү боюнча тапшырманы аймактык архитектура жана курулуш органына жиберет.
Тапшырмада участоктун жайгашкан жери, болжолдуу аянты, коомдук пляжга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 "Ысыккөл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесинде көрсөтүлгөн талаптар көрсөтүлөт.
57. Жер участокторун түзүү боюнча иштердин баскычында аймактык архитектура жана курулуш органы инженердик-техникалык коммуникацияларга кошуунун алдын ала техникалык шарттарды аныктоо максатында инженердик-техникалык кызматтар, ошондой эле айлана-чөйрөгө зыян келтирүү тобокелдиктерин болтурбоо үчүн тиешелүү корутундуларды алуу максатында айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
58. Аймактык архитектура жана курулуш органы парк-пляж зонасынын схемасы даярдалган жана түзүлгөн күндөн тартып 5 жумуш күндөн кечиктирбестен жер участогунун схемасынын көчүрмөсү менен суроо-талаптарды төмөнкүлөргө жиберет:
1) коомдук пляждын чектерин, үчүнчү жактардын укуктары, бул жер участогуна оорчулуктар жана чектөөлөр бар экендигин тактоо үчүн кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга;
2) алдын ала техникалык шарттарды алуу үчүн электр менен камсыздоону, суу менен камсыздоону жана канализацияны камсыз кылуучу инженердик-техникалык кызматтарга;
3) тиешелүү корутунду алуу үчүн экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу органдарга.
Корутунду же болбосо техникалык шарттарды алуу үчүн суроо-талап жиберилген мамлекеттик орган, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме 5 жумуш күндүн ичинде толук жоопту берүүгө тийиш.
59. Аймактык архитектура жана курулуш органы 10 жумуш күндөн кечиктирбестен жер участогунун чектерин жана схемасын даярдоого, макулдашууга жана бекитүүгө тийиш.
60. Жер участогу (парк-пляж зонасы) түзүлдү деп эсептелет, эгерде:
1) жер участогу үчүнчү жактардын укуктарынан бош болсо (сервитуттар аркылуу бекитилип берилген укуктардан тышкары);
2) жер участогунун белгиленген чектери болсо;
3) жер участогунун уруксат берилген пайдалануунун белгиленген түрлөрү жана башка зарыл болгон шаар куруу документтери болсо;
4) бул жер участогу боюнча инженердик коммуникациялардын бар же жок экендиги, максималдуу уруксат берилген кубаттуулугу, инженердик коммуникацияларга кошуунун мөөнөттөрү жана наркы жөнүндө маалыматтар берилсе;
5) бул райондо инженердик коммуникацияларды пландалган өнүктүрүү, пландалган инженердик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларга кошуунун мөөнөттөрү жана наркы жөнүндө маалыматтар болсо;
6) жер участогунда жайгашкан бак-дарактарды (эгерде болсо) пайдалануу, бузуу, көчүрүү макулдашылса.
61. Ар бир түзүлгөн жер участогу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация аймактык архитектура жана курулуш органы менен бирдикте жер участогун түзүүгө кеткен чыгымдардын сметасын түзөт, ал жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан бекитилет.
62. Жер участогун түзүүнүн жыйынтыгы боюнча Комиссия жыйналыш өткөрөт жана конкурстун датасын жана убактысын дайындайт же түз ижара келишимин түзүү жөнүндө чечим кабыл алат.
6-глава. Коомдук пляжды жана муниципалдык пляжды уюштуруу үчүн түз ижара келишимин түзүү
63. Коомдук пляжды уюштуруу үчүн парк-пляж зонасынын түз ижара келишимин түзүү төмөнкү учурларда колдонулушу мүмкүн:
1) мурда пляжды уюштуруу үчүн парк-пляж зонасын пайдаланган ижарага алуучу мурда түзүлгөн ижара келишиминин бардык талаптарын сактаса жана ижара мөөнөтү аяктагандан кийин жергиликтүү мамлекеттик администрацияга ижара келишимин түзүү жөнүндө өтүнмө менен кайра кайрылса;
2) эгерде коомдук пляжды уюштуруу пландалган парк-пляж зонасы рекреация объектине жанаша аймак болсо;
3) эгерде аймагы парк-пляж зонасына жанаша жайгашкан рекреация объекти мамлекеттик ишкананын же мекеменин карамагында болсо, төмөнкү тейлеген мамлекеттик орган менен макулдашуу менен:
- мамлекеттик ишкананын же мекеменин уставдык документтеринде уюштуруучу катары көрсөтүлгөн;
- мамлекеттик ишкананын же мекеменин ишин жалпы жетектөөчү жана координациялоочу;
- ведомстволук баш ийүүсүндө мындай ишкана же мекеме иштеген;
4) тиешелүү парк-пляж зонасы балдар лагеринин, ошондой эле калктын аялуу топторунун: турмуштук оор кырдаалда турган, жетим балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ж.б. кызыкчылыктарын коргогон уюмдардын пайдалануусунда турса;
5) ушул Тартиптин 54-пунктунан келип чыккан муниципалдык коомдук пляжды уюштуруу зарылчылыгы жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечими болсо;
6) рекреация объекти менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ортосунда түзүлгөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу ишке ашырылса;
7) региондун туристтик тармагын өнүктүрүү максатында "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААК тарабынан сунушталган долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында;
8) мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруу үчүн.
64. Парк-пляж зонасын түз келишим түзүү жолу менен коомдук пляжды уюштуруу үчүн ижарага алууга талапкер адамдар жергиликтүү мамлекеттик администрацияга арыз берет, мында арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) арыз ээси жөнүндө маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери, рекреация объектисинин юридикалык аталышы);
2) парк-пляж зонасынын жайгашкан жери;
3) ушул Тартипке ылайык парк-пляж зонасын түз берүү үчүн негиздеме;
4) кийинки ижара мөөнөтүнө бизнес-план;
5) объекттин инженердик-техникалык мүнөздөмөсүн эске алып, архитектуралык-көркөм жана архитектуралык-пландоо чечимдерин чагылдыруу менен коомдук пляжды уюштуруунун эскиздик долбоору түрүндөгү парк-пляж зонасын абаттоо планы;
6) конкурстун шарттарын жана ижаранын өлчөмүн аткаруу боюнча сунуш;
7) коомдук пляжды уюштуруунун сметалык наркы жана мөөнөттөрү;
8) жаңы жумуш орундарынын саны;
9) "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясында каралган арыз ээсинин укуктарынын шайкештиги жөнүндө архитектуранын жана курулуштун аймактык органынын корутундусу.
Колдонуудагы парк-пляж зонасынын ижара келишимин пролонгациялоодо талапкер ижара акысынын кийинки мөөнөтүнө өтүнмө жана бизнес-план берет.
65. Арыз келип түшкөн учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрация Комиссиянын жыйналышын өткөрүүнү демилгелейт, анда арыз ээсинен келип түшкөн документтер арыз ээсинин өзүнүн катышуусу менен каралат жана андан кийин ижара келишимин түз түзүүдөн баш тартуунун же макулдугунун себептерин чагылдыруу менен протокол таризделет.
66. Комиссиянын жыйналышынын жүрүшүндө арыз ээси ушул Тартиптин 64-пунктуна ылайык берилген документтерди презентациялашы керек.
67. Арыз ээси тарабынан ушул Тартиптин 63, 64-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбоо, ошондой эле мурда түзүлгөн талаптарды аткарбоо арыз ээсине коомдук пляжды жана муниципалдык коомдук пляжды уюштуруу үчүн парк-пляж зонасын ижарага берүү келишимин түз түзүүдөн баш тартууга негиз болот.
68. Комиссия мүчөлөрү ижара келишимин түз түзүү жөнүндө чечим кабыл алууда ушул Тартиптин 63 жана 66-пункттарын жетекчиликке алат.
69. Рекреация объектисинин укук ээси анын аймагына жанаша жайгашкан парк-пляж зонасынын участогун пайдаланууну каалабаган учурда, жергиликтүү мамлекеттик администрация бул чечим жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону алгандан кийин же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ижара келишимин түзүү сунушуна жазуу жүзүндө жооп бербеген жана көңүл бурбаган учурда парк-пляж зонасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына муниципалдык коомдук пляжды уюштуруу үчүн өткөрүп берүүгө же ушул Жобонун талаптарына ылайык конкурс өткөрүүгө укуктуу.
70. Муниципалдык коомдук пляжды уюштуруу үчүн парк-пляж зонасы берилген учурда жергиликтүү мамлекеттик администрация парк-пляж зонасын ижарага берүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 "Ысыккөл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесинде көрсөтүлгөн талаптарды милдеттүү түрдө чагылдыруу менен келишим түзөт.
Бул учурда жер участогун түзүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
71. Туристтик инфраструктураны өнүктүрүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары муниципалдык коомдук пляжды үчүнчү жактарга беш жылга чейинки мөөнөткө субижарага берүүгө укуктуу.
72. Муниципалдык коомдук пляждын парк-пляж зонасын үчүнчү жактар тарабынан субижарага алуу шарттары жергиликтүү мамлекеттик администрация менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ортосундагы ижара келишиминин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
73. Муниципалдык коомдук пляждын парк-пляж зонасын үчүнчү жактарга субижарага берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жободо каралган жол-жоболорго ылайык аукцион түрүндө жүргүзүлөт.
74. Муниципалдык коомдук пляждын парк-пляж зонасынын субижарасынан түшкөн киреше жергиликтүү бюджетке эсептелет
7-глава. Ысык-Көлдүн парк-пляж зоналарынын реестрин жүргүзүү жана парк-пляж зоналарын уюштурууга жана эксплуатациялоого мониторинг жүргүзүү тартиби
75. Ысык-Көлдүн парк-пляж зоналарынын реестрин жана мониторингин жүргүзүү (мындан ары - Реестр) Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жүктөлөт.
76. Реестр парк-пляж зоналарынын түзүлгөн жана ижарага берилген жер участоктору, алардын эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү жана белгиленген ченемдердин сакталышы жөнүндө маалыматтарды камтыган борборлоштурулган маалыматтар базасын билдирет.
77. Парк-пляж зоналарын уюштурууга жана эксплуатациялоого мониторинг абаттоо, санитардык-экологиялык абал, техникалык эксплуатациялоо жана коопсуздук жагынан мыйзамдардын талаптарын сактоону камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт.
78. Реестр электрондук жана кагаз түрүндө жүргүзүлөт. Реестрдин электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын расмий сайтына ачык жайгаштырылат.
79. Реестрге төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
1) парк-пляж зонасынын номери жана катталган күнү;
2) ижарачынын аталышы (жеке же юридикалык жак);
3) жер участогунун кадастрдык номери;
4) участоктун жайгашкан жери жана аянты;
5) ижара келишими түзүлгөн дата жана аны колдонуу мөөнөтү;
6) инженердик коммуникациялардын болушу жана ага кошулуу жөнүндө маалымат;
7) абаттоо, санитардык-экологиялык абал жана өрт коопсуздугунун ченемдерин сактоо жөнүндө маалыматтар.
80. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат:
1) парк-пляж зоналарынын жаңы жер участокторун түзүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдеринин;
2) ижара же аларды бузуу келишимдеринин.
81. Реестрге жаңы маалыматтарды киргизүү жана маалыматтарды жаңылоо тиешелүү документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.
82. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижарачылардын жеке маалыматтарын коргоону камсыз кылат.
83. Парк-пляж зоналарын уюштурууга жана пайдаланууга мониторинг жүргүзүү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жер участокторун пайдалануунун максаттуу багытына шайкештигине мониторинг жүргүзүү;
2) аймактын санитардык-экологиялык абалын, күтүлүшүн жана абатталышын контролдоо;
3) парк-пляж зоналарын ижаралоо келишимдеринин шарттарынын тараптар тарабынан аткарылышын баалоо;
4) коомдук пляждарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга мониторинг жүргүзүү.
|
| Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасындагы жер участокторун ижара шарттарында берүү тартибине 1-тиркеме |
Конкурска катышууга өтүнмөнүн ФОРМАСЫ
Өтүнмө берүүчү:
Жеке адамдар үчүн
Мен, ____________________________________________________________________________________ (фамилиясы, аты жана атасынын аты)
_________________________________________________________________________________________ (инсандыгын ырастоочу документ: түрү, сериясы, номери, ким жана качан берилген)
жашаган жеринин дареги: ___________________________________________________________________ (шаар, айыл, көчө, үйдүн жана батирдин №)
_________________________________________________________________________________________ (жеке ишкерлер үчүн: ишкердик иши менен алектенген жеке жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн же патенттин реквизиттери)
Юридикалык жактар үчүн:
Мен, ____________________________________________________________________________________ (фамилиясы, аты жана атасынын аты)
_________________________________________________________________________________________ (инсандыгын ырастоочу документ: түрү, сериясы, номери, ким жана качан берилген)
_________________________________________________________________________________________, (юридикалык жактын толук аталышы, жайгашкан жери жана банктык реквизиттери)
атынан чыгып
_________________________________________________________________________________________ (ишеним каттын же бүтүмдү жасоого ыйгарым укуктарын ырастоочу документтин реквизиттери)
негизинде иш алып барып,
_________________________________________________________________________________________ (жер участогунун аталышы, анын жайгашкан жери)
коомдук пляжды уюштуруу максатында мамлекеттик менчикте турган парк-пляж зонасынын жер участогуна ижара келишимин түзүү укугуна конкурска катышуу ниетимди билдирем.
Көрсөтүлгөн жер участогун төмөнкүлөр үчүн пайдалануу сунушталат:
_________________________________________________________________________________________ (пайдалануу максаты жана зарыл болгон учурда келечектеги пляжда орнотуу үчүн сунушталган жеңилдетилген типтеги объекттердин түрлөрү)
Парк-пляж зоналарын ижара шарттарында пайдаланууга берүү боюнча комиссия конкурска катышууга уруксат берген учурда белгиленген мөөнөттө конкурска катышууга милдеттенем.
Конкурста жеңген учурда конкурстун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюуга жана ижара келишимин түзүүгө милдеттенем.
Ушул өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелет:
1) жеке жактар үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;
- салыктар боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалымкат;
2) юридикалык жактар үчүн:
- уюмдун толук аталышы жана жайгашкан жери (юридикалык дареги, телефону жана башка реквизиттери) көрсөтүлгөн маалымкат;
- салыктар боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалымкат;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- уставдын жана уюштуруу келишиминин көчүрмөлөрү;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номеринин (бар болсо) көчүрмөсү;
- өкүлдүн атына ишеним кат, ага ылайык ал юридикалык жактын атынан иш алып барууга жана тиешелүү бүтүмдөрдү жасоого ыйгарым укук берилген;
- эгерде өтүнмө юридикалык жактын жетекчиси (жалгыз аткаруучу орган) тарабынан берилсе, жетекчиге ижара келишимин түзүүгө укук берген документ талап кылынат;
- эгерде юридикалык жак шайлоочу коллегиалдуу аткаруу орган тарабынан башкарылса, ижара келишимин түзүүгө органдын макулдугун ырастаган тиешелүү чечим талап кылынат;
- өкүлдүн инсандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү.
Мен (биз) төмөнкүлөр менен макулмун (макулбуз):
1) эгерде жогоруда көрсөтүлгөн парк-пляж зонасынын жер участогуна өтүнмө түшпөсө же болбосо бир гана өтүнмө түшсө, бул зона конкурстан алып салынат;
2) мен (биз) конкурстун жеңүүчүсү деп табылган учурда жана кийин мен (биз) конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан же ижара келишимин түзгөн учурда, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу максатында Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасынын жер участокторун ижара шарттарында берүү тартибинин 12-пунктуна ылайык кепилдик төгүмүн кармап калууга макулмун.
Өтүнмө берүүчүнүн колу
___________________________________________
20___-ж. "___" ________________
Кабыл алды:
_____________________________________________________________________________ (жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлүнүн ФАА, кызмат орду)
20___-ж. "___" ________________
|
| Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасындагы жер участокторун ижара шарттарында берүү тартибине 2-тиркеме |
Коомдук пляжды уюштуруу үчүн парк-пляж зонасынын жер участогун ижарага берүү укугуна конкурс өткөрүүдө БААЛОО КРИТЕРИЙЛЕРИ
№ | Критерийдин аталышы | Баалоочу баллдар |
1 | Берилген объект үчүн коюлган максатка жетүүнүн негиздүүлүгү |
|
| - максатына жетпей калуунун жогорку тобокелдиктери | 0 |
| - жарым-жартылай максатка жетүү мүмкүн | 10 |
| - максатка жетүү ыктымалдыгы жогору | 20 |
2 | Санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы |
|
| - талаптардын толук коюлбагандыгы | 5 |
| - талаптардын толук коюлушу | 15 |
| - шарттар коюлган талаптардан жогору | 30 |
3 | Коопсуздук боюнча талаптардын сакталышы |
|
| - талаптардын толук коюлбагандыгы | 5 |
| - талаптардын толук коюлушу | 15 |
| - шарттар коюлган талаптардан жогору | 30 |
4 | Инновацияларды киргизүү |
|
| - инновациялар жок | 0 |
| - инновациялар пляждын ишин жакшыртууга таасирин тийгизет | 10 |
| - инновациялар бүтүндөй туризм секторун өнүктүрүүгө таасирин тийгизет | 20 |
| БАРДЫГЫ | Максималдуу 100 балл |
|
| Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасындагы жер участокторун ижара шарттарында берүү тартибине 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук пляждарды уюштуруу үчүн Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасын ижарага берүүнүн ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
________________________________________________________________________________________ (жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын аталышы)
атынан
________________________________________________________________________________________, (Устав, Жобо же мекеменин ишин жөнгө салуучу документ)
негизинде аракеттенүүчү
________________________________________________________________________________________ (жетекчинин аты-жөнү, кызмат орду)
мындан ары Ижарага берүүчү деп аталып,
жана ___________________________________________________________________________________ (жеке жактын аты-жөнү/юридикалык жактын аталышы, келишимди түзүүгө ыйгарым укуктуу өкүлдүн аты-жөнү, ишеним каттын реквизиттери)
экинчи тараптан, мындан ары Ижарага алуучу деп аталып төмөндөгүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү.
1. Жалпы шарттар
1. Ижарга берүүчү коомдук пляжды уюштуруу максатында
ушул Келишимге тиркелген планда көрсөтүлгөн чектеги _________________________________________________ дарегинде жайгашкан аянты _______ кв.м болгон парк-пляж жер участогун ижарага берет, ал эми Ижарага алуучу ижарага алат.
2. Ижаранын мөөнөтү 20___-жылдын "___" _____________ 20___-жылдын "___" ___________ чейин 5 жылга белгиленет.
3. Ижаранын мөөнөтү бүткөндөн кийин бул Келишим бузулду деп эсептелет. Келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн аякташы тараптардын Ижара келишими боюнча милдеттенмелеринин токтошуна алып келет.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
4. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ижарага алуучудан ай сайын ижара акысын алууга;
2) Ижарага алуучу тарабынан келишимдик милдеттенмелердин аткарылышына мониторинг жана текшерүү жүргүзүүгө;
3) жер участогунда белгиленген архитектуралык, шаар куруу, техникалык, экологиялык, санитардык ченемдерди, өрт коопсуздугу жана өзгөчө кырдаалдардын коопсуздугу ченемдерин жана башка атайын ченемдерди жана талаптарды бузуучу ишти токтотууну Ижарага алуучудан талап кылууга;
4) Ижарага алуучунун чарбалык ишинин натыйжасында жер участогунун жана ага жанаша аймактардын абалынын начарлашына алып келген чыгымдардын ордун толтурууну Ижарага алуучудан талап кылууга.
5. Ижарага алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ижарага алынган жер участогунда жер участогунун максаттуу багытына жана бул Келишимдин шарттарына ылайык гана чарбалык ишти өз алдынча жүзөгө ашырууга;
2) ижарага алынган жер участогун кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюлгандан кийин пайдаланууга киришүүгө;
3) Ижарага берүүчүдөн бул Келишимдин шарттарына ылайык жер участогун пайдалануу жана объектти орнотуу үчүн тоскоолдуктарды жоюуну талап кылууга.
6. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ижарага алуучуга жер участогун бул Келишимдин шарттарына ылайык келген абалда пайдаланууга берүүгө;
2) бул Келишимге кол коюлгандан кийин 10 күндүн ичинде кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча Ижарага алуучуга жер участогун пайдаланууга берүүгө;
3) эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Келишимдин шарттарына каршы келбесе, Ижарага алуучунун чарбалык ишине киришпөөгө, жер участогун пайдаланууга тоскоолдук кылбоого;
4) Ижарага алуучу тарабынан келишимдик милдеттенмелердин аткарылышына, ошондой эле жер участогунун абалына контроль жүргүзүүгө;
5) өз убагында, бир айдан кечиктирбестен Ижарага алуучуга ижара акысынын өлчөмүнүн өзгөрүшү, бул Келишимдин мөөнөтүнөн мурда бузулушу жөнүндө кабарлоого.
7. Ижарага алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) бул Келишимдин шарттарына ылайык жер участогун пайдаланууга кабыл алууга;
2) жер участогун түздөн-түз багыты боюнча гана пайдаланууга;
3) жер участогун архитектуралык, шаар куруу, техникалык, экологиялык, санитардык жана башка атайын ченемдерди жана талаптарды, ошондой эле парк-пляж зоналары үчүн белгиленген атайын талаптарды сактоо менен пайдаланууга;
4) жер участогун жана жанаша аймакты өзүнүн эсебинен көрктөндүрүүгө, санитардык тазалоого, бак-дарактарга кам көрүүгө;
5) коммуналдык кызматтар менен таштандыларды жана катуу тиричилик калдыктарын чыгарууга келишимдерди түзүүгө;
6) эс алуучуларга, айлана-чөйрөгө жана Ысык-Көлдүн экологиясына коркунуч жаратуучу таштандылардан, балырлардан жана башка предметтерден пляждын акваториясынын түбүн тазалоо боюнча суучулдардын суу астындагы иштерди жүргүзүүсүн камсыз кылууга;
7) өз убагында жана толук көлөмдө ижара акысын алып келүүгө;
8) белгиленген тартипте Ижарага берүүчүнүн жана ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнүн жер участогуна эркин кирүүсүн камсыз кылууга, алардын көрсөтмөлөрүн белгиленген мөөнөттө аткарууга;
9) эрежелерди жана мамлекеттик көзөмөл органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ижарага алынган жер участогун пайдаланууга жана орнотулган объекттерге тиешелүү бөлүгүндөгү жазма буйруктарын өз убагында аткарууга;
10) өзүнүн чарбалык ишинин натыйжасында жер участогунун абалынын начарлашына байланыштуу келтирилген чыгымдарды Ижарага берүүчүгө жана жанаша жер пайдалануучуларга толук көлөмдө ордун толтурууга;
11) ыйгарым укуктуу органдын жана Ижарага берүүчүнүн талабы боюнча ижара объекттин пайдаланууга тийиштүү бардык зарыл болгон маалыматтарды берүүгө;
12) уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, жайгашкан жери жана почта дареги (юридикалык жактар үчүн), жашаган жери боюнча катталган дареги (жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн), банктык реквизиттери өзгөргөн датадан тартып 10 күндүн ичинде Ижарага берүүчүгө көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр жөнүндө кагаз жүзүндө кабарлоого;
13) Келишим аяктагандан кийин жеңилдетилген типтеги объектти/объекттерди өзүнүн эсебинен демонтаждоого жана Ижарага берүүчүгө жер участогун талаптагыдай абалда өткөрүп берүүгө;
14) эс алуучуларга, айлана-чөйрөгө жана Ысык-Көлдүн экологиясына коркунуч жаратуучу таштандылардан, балырлардан жана башка предметтерден пляждын акваториясынын түбүн тазалоо боюнча суучулдардын суу астындагы иштерди жүргүзүүсүн жылына 2 жолу камсыз кылууга;
15) коомдук пляжды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 "Ысыккөл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежелерине ылайык келтирүү.
3. Келишим боюнча төлөмдөр жана эсептешүүлөр
8. Жер участогун пайдаланганы үчүн ижара акысынын өлчөмү айына 1 кв.м үчүн ________ сомду түзөт. Аянты жалпы _________ кв.м жер участогу үчүн ижара акысы айына ___________ сомду түзөт. Бул ай үчүн ижара акы ушул айдын башында берилет.
9. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси менен белгиленген тартипте, Ижарага берүүчү "Ижарага алуучудан" ________ сом суммасында жер салыгын алат.
10. Ижара акысы өз убагында төлөнбөгөн учурда Ижарага алуучу ар бир кечиктирген күн үчүн карыздын жалпы суммасынын 0,09 пайызы өлчөмүндө туум төлөйт.
4. Келишимди колдонуу мөөнөттөрү, өзгөртүү жана колдонулушун токтотуу шарттары
11. Бул Келишим мүлккө укуктарды каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган учурдан тартып күчүнө кирет.
12. Бул Келишимге бардык өзгөрүүлөр жана толуктоолор тараптардын кагаз жүзүндө кошумча макулдашууга кол коюу жолу менен киргизилет. Кошумча макулдашуу мүлктү каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органда катталгандан кийин күчүнө кирет.
13. Бул Келишимдин төмөнкү учурларда колдонулушу токтойт:
1) Келишимди колдонуу мөөнөтүнүн акыркы күнү аякташы менен, эгер бул убакытта Келишим узартылбаса;
2) Келишим Ижарага берүүчү менен Ижарага алуучунун ортосундагы эки тараптуу макулдашуу боюнча бузулган учурунда;
3) Келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тарабынан мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда;
4) Ижарага алуучу юридикалык жак катары жоюлган учурда;
5) Ижарага алуучу болуп саналган жеке жактын өлүмү, анын аракетке жөндөмсүз, чектелген аракетке жөндөмдүү же дайынсыз жоголду деп таанылган учурда.
14. Ижарага берүүчүнүн талабы боюнча ижара Келишими төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн, Ижарага алуучу:
1) жер участогун ижара Келишиминин шарттарын бузуу менен пайдаланса;
2) жер участогун субижарага берсе же жер участогун үчүнчү жактардын укуктары менен чектөөгө түздөн-түз же кыйыр түрдө багытталган бүтүмдөрдү түзсө;
3) ижара Келишими менен белгиленген мөөнөт аяктаганда катары менен экиден көп жолу ижара акысын төлөбөсө;
4) белгиленген архитектуралык, шаар куруу, техникалык, экологиялык, санитардык жана башка атайын ченемдерди жана талаптарды бузуу менен объект орнотсо жана иштетсе;
5) Ижарага берүүчүнүн ишине жолтоо кылса же болбосо анын иши Ижарага берүүчү үчүн терс каржылык, өндүрүштүк жана техникалык кесепеттерге алып келсе;
6) парк-пляждык зоналарга коюлган талаптарды аткарбаса.
15. Ижарага алуучунун талабы боюнча, ижара Келишими сот тарабынан мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда бузулушу мүмкүн:
1) Ижарага берүүчү жер участогун пайдаланууга бербесе же болбосо аны пайдалануу үчүн тоскоолдуктарды жаратса;
2) Ижарага алуучуга берилген жер участогу ал тарабынан пайдаланууга тоскоол кылуучу мүнөздөмөлөргө ээ болсо, ижара Келишимин түзүүдө алар Ижарага берүүчү тарабынан айтылбаса, Ижарага алуучуга мурда белгисиз болсо жана Келишимди түзүүдө жер участогун кароо учурунда аныктоого мүмкүн эмес болсо;
3) Ижарага алуучу жооп бербеген жагдайларга байланыштуу жер участогун орнотууга же пайдаланууга мүмкүн болбосо.
5. Тараптардын жоопкерчиликтери
16. Күнөөлүү тарап экинчи тарапка бул Келишим боюнча өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы же тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгына байланыштуу келтирилген материалдык зыяндын жана башка чыгымдардын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.
17. Бул Келишимдин талаптарын жана шарттарын бузуучу түздөн-түз жана жабык түрүндөгү бүтүмдөр жараксыз деп саналат, ал эми аны түзгөн күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылат.
18. Дисциплинардык, административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу күнөөлүү жакты келтирилген зыяндын ордун толтуруу жоопкерчилигинен бошотпойт.
6. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
19. Тараптардын ортосундагы бардык талаш-тартыштар сүйлөшүү жолу менен чечилет.
20. Эгер макулдашууга жетишилбесе, талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилет.
7. Башка шарттар
21. Тоорукту өткөргөн ыйгарым укуктуу органда макулдашуудан жана пайдалануу укугун мамлекеттик каттоодон өтпөгөн ижара Келишими жараксыз деп саналат.
22. Бул Келишим кагаз жүзүндө түзүлөт, тараптардын колу коюлат жана тоорукту өткөргөн ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууга жатат.
23. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлдү. Бир нуска тоорукту өткөргөн ыйгарым укуктуу органда, экинчи нуска Ижарага берүүчүдө калат, үчүнчү нуска Ижарага алуучуга берилет.
Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери:
Ижарага берүүчү |
| Ижарага алуучу |
|
|
|
_________________________________ колу |
| __________________________________ колу |
|
|
|
Мөөрдүн орду |
| Мөөрдүн орду |