Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-январы № 13/IV-29
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө
Ак-Кудук айылдык кеңешинин сессиясында Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027-жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө маселени карап чыгып Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин сессиясында карап чыгып, сессия жергиликтүү бюджеттин чыгашалары аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталгандыгын белгилейт, анда жергиликтүү бюджеттин акча каражаттары, статьяларда жана бөлүмдөрдө каралган.Айыл өкмөтүнүн бюджети бюджеттик угууларда кеңири талкууланган. Бюджеттин долбооруна бюджеттик угууларда, бюджет, финансы, экономика, салыктар, инвестициялар жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда айтылган сунуштарды, сын-пикирлерди эске алуу менен өзгөртүүлөр киргизилди, жогоруда айтылгандардын негизинде Ак-Кудук айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн 2025-жылга каралган бюджети бекитилсин:
- киреше бөлүгү боюнча-49968,0 миң сом.(Тиркеме1)
- чыгаша бөлүгү боюнча-49968,0 миң сом. (Тиркеме 2)
Анын ичинде бюджеттик эсеп боюнча-44326,0миң сом:
-аппарат-11772,4 миң сом.
–коомдук тартип-67,0миң сом.
-ТЖЧ – 17397,9 миң сом.
- китепканаларга – 1158,8 миң сом.
- клубдар – 3070,1 миң сом.
-бала бакчалар-2154,1миң сом.
-мектептер – 6755,7миң сом.
-социалдык камсыздоо – 1950,0 миң сом.
Анын ичинде атайын эсеп боюнча 5642,0миң сом– бала бакчалар-5642,0миң сом.
2. 2024-жылы толук каржыланбаган чыгашалар 2025-жылга бюджетте каралган ассигнованиелердин эсебинен жана чегинде гана компенсациялана тургандыгы белгиленсин.3.Муниципалдык уюмдарга жана мекемелерге казыналык системасын четтеп өтүү менен бюджеттик жана атайын каражаттардыпайдаланууга тыюу салынсын
4. Айыл өкмөтүнүн башчысына айылдык кеңештин депутаттары менен макулдашуу боюнча кирешелердин болжолдон ашыкча түшүүсүнүн, кирешелердин чыгымдардан ашып кетишинин эсебинен бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу берилсин.
5. Финансы-экономикалыкбөлүмбюджетти аткаруу процессинде киреше бөлүгү ашыра аткарылгандабул каражаттарды Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан социалдык маселелерди чечүү боюнча коюлган милдеттерди ишке ашырууга, атап айтканда улуттук жана мамлекеттик программаларды, Министрлер Кабинетинин токтомдорун, райондук мамлекеттик администрациянын токтомдорун, айылдык кеңештин токтомдорун ишке ашырууга, муниципалдык кызматчыларды сыйлоого, коммуналдык кызматтар боюнча карыздарды жоюуга,зарыл болгон учурда өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга, ЖӨБОгоубактылуу финансылыкжардамкөрсөтүүгө, ошондой эле башка сатып алууларга жана чыгымдарга.
6. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын жогорулатуу максатында арыздардын түшүшүнө жараша жана турак жай-тиричилик шарттарын изилдөөнүн маалыматтары боюнча 3000 сомдон 5000 сомго чейинки өлчөмдө материалдык жардам көрсөтүлсүн.
Турмуштукоор кырдаалдакаржылоонукырдаалгажараша көбөйтүү.
7. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына ата-энелердин взносторунун эсебинен күнүнө 85 сомдон тамактануу нормативи бекитилсин.
8. 2026-жылга болжол кирешелер жана чыгашалар боюнча 51977,2 миң сом суммасында, 2027-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча 54509,2 миң сом суммасында жактырылсын.
9. Жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 100,0 миң сом суммасында бекитилсин.
10. Штаттык ырааттамага ылайык эмгек акы фондунун лимити бекитилсин.
11. Штаттык ырааттама 3-6-тиркемеге ылайык бекитилсин.
12. Демберүүчүмүнөздөгү айсайынкы үстөк акылардыбекитүү:
- башкарууаппараты бөлүмү боюнча1шт. бирдикТОП-7,0миңсом;
- ТЖЧбөлүмүбоюнча5 даана бирдик ТОП жанаМОП – 7,5миңсом;
13. 2025-жылга сатыпалуулар планынбекитүү.
14. Ичүүчү сууну берүү үчүн насостук станциялардын электр энергиясын керектөөсү үчүн акы төлөө үчүн "Ак-Кудук" МИсин кошумча каржылоо 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынан жүргүзүлсүн.
15. "Ак-Кудук" МИси үчүн 1000,0 миң сом субсидиякаралсын.
16. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнө жана Ак-Кудук айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, салыктар, инвестициялар жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Дж.Маванкуй |