Редакцияот 28.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Салам-Алик айылдык кенешинин VIII- чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 5- сессиясы

 

2025-жылдын 28-июлу № 30

 

Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салыктар жана жыйымдар боюнча 2025-жылдын 6 айындагы аткарылган иштери жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергилкитүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жана Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салыктар жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси Б.Термечиковдун маалыматына ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

1. 2024-жылдын 6 айындагы салык жана салыктык эмес жыйымдар боюнча аткарылган иштери жөнүндө Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Б.Термечиковдун маалыматы эске алынсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Чолпонбай уулу Сагындык