Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-январы № 14/IV-29
Акча каражаттарынын эркин калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
“2025-жылдын башына карата акча каражаттарынын эркин калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө" социалдык-экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн маалымкатын карап чыгып, бюджет, финансы, экономика, салыктар, инвестициялар жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын пикирлерин, депутаттардын сунуштарын эске алып, Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Бюджеттик каражаттардын эркин калдыгын бөлүштүрүү13587,0миң сом:
- Милянфан айылындагы М.Ванахун атындагы орто мектептин фасадын, спорт залын оңдоо жана брусчатка төшөө -3836,7миңсом;
- Киров орто мектебинин фасадын, чатырын оңдоо жан абрусчатка төшөө - 3526,9 миң сом;
- Хунчи айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын, Ооган жоокерлеринин, Баткен окуяларынын жана Чернобыль АЭСинин катышуучуларынын Стела эстелигинин аймагын көрктөндүрүү-1256,3 миң сом;
- Киров айылындагы бала бакчанын фасадын, чатырын оңдоо жана терезе блокторун алмаштыруу-4078,5 миң сом;
- айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине дем берүү үчүн кошумча -888,6 миң сом (2111-ст. - 757,9 миң сом, 2121-ст. - 130,7 миң сом);
2. Атайын каражаттардын эркин калдыгын бөлүштүрүү 844,1миң сом;
- башкаруу аппаратынын бөлүмү 2215-берене-55,2миң сом;
- ТЖЧ бөлүмү 2215-74,4миң сом;
- балда рбакчалары бөлүмү 2218-берене-714,5миңсом.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Кудук айылдык Кеңешинин бюджет, финансы, экономика, салыктар, инвестициялар жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Дж.Маванкуй |