Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-февралы № 148-VIII
Коомдук тамактануу жайларындагы баалардын өсүшү жана тигүү тармагын колдоо чаралары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
1.1. Коомдук тамактануу жайларындагы баалардын кескин өсүшүнүн себептерине талдоо жүргүзсүн жана анын жыйынтыгы боюнча бааларды турукташтырууга багытталган чаралардын топтомун иштеп чыксын.
1.2. “Баа түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында коомдук тамактануу жайларындагы бааларды жөнгө салуу маселесин карап чыксын жана анын жыйынтыгы боюнча белгиленген тартипте тиешелүү сунуштарды киргизсин.
1.3. Ишкердик субъекттеринин, эксперттик коомчулуктун жана жарандык коом институттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда коомдук тамактануу жайларындагы баалардын өсүү маселесин кеңири коомдук талкуудан өткөрүүнү камсыз кылсын.
1.4. Коммерциялык банктар аркылуу тигүү тармагындагы субъекттерге берилүүчү кредиттерди узартуу жана кайра каржылоо механизмдерин иштеп чыксын.
1.5. Мамлекеттик сатып алуулар тутумунда, ошондой эле мамлекеттик тапшырманын алкагында жеңил өнөр жай субъекттеринин катышуусун кеңейтүү боюнча сунуштарды даярдасын.
1.6. Евразия экономикалык бирлигинин алкагында ата мекендик тигүү продукциясын ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин рыногуна экспорттоо үчүн тоскоолдуктарды азайтуу маселесин иштеп чыксын.
1.7. Экспорттоого багытталган тигүү тармагындагы ишканалардын логистикалык жана сертификациялык чыгымдарын субсидиялоо мүмкүнчүлүгүн иликтеп чыксын.
1.8. Тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жеңил өнөр жайы үчүн кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо программаларын өркүндөтүү боюнча чараларды көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул токтомдун аткарылышы жана көрүлгөн чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте маалымат берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| Ж. Таалайбек кызы |