Редакцияот 19.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊешинин

 

XXIХ-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы

 

ТОКТОМ

 

 

2026-жылдын«29»январы №02                                             

 

 

Карасаев айыл аймагынын 2026-2030- жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө

 

        2026-жылдын 27-январындагы  бюджет, экономика,муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусунун негизинде Карасаев айыл аймагынын 2026-2030- жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын негизинде Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXIХ-чакырылышынын кезектеги  I-сессиясы токтом кылат:

 

  1. Карасаев айыл аймагынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2026- жылы аткарылуучу иштер:

- Долон айылына бала бакча куруу боюнча ПСД даярдалсын 2026-жылдын                                             1- мартына чейин.

-        Сары- Дөбө айылына бала бакча куруу боюнча ПСД даярдалсын.

-        Арал айылына  мектеп куруу ҮДТ салуу боюнча ПСД даярдалсын.

-        Миӊ- Булак айылынын таза суусу.

-        Сугат суу системасын өнүктүрүү.

-        Кош-Дөбө айылындагы булак суусун сатыкка чыгаруу боюнча 2026-2030-жылдарга социалдык- экономикалык өнүгүү программасынын көйгөлөрүнө киргизилсин.

 

  1. Карасаев айыл аймагынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча  иш- аракеттер планынын аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы  Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Б Бакасовко милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомду каттоого алуу жагы Кыргыз Республикасынын  укуктук ченемдик актыларынын  реестрине киргизүү үчүн  Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жиберилсин.

 

 

Төрага                                                                Д. Б Солпуев