Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-январы № 16/IV-29
Трансформатордук көмөкчордондорду өткөрүп берүү жөнүндө
Сессияда айыл өкмөтүнүн балансында турган трансформатордук көмөкчордондорду Чүй электр тармактар ишканасынын НЭСК ААКсынын балансына өткөрүп берүү маселесин карап чыгып,көмөкчордондорду тейлөө жүргүзүлбөгөндүктөн жана алар канааттандыраарлык эмес абалда болуп, авариялык өчүрүүлөргө алып келип абоненттер үчүн олуттуу ыңгайсыздыктарды жараткандыгына байланыштуу Ак-Кудук айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Төмөнкү трансформатордук көмөкчордондор Чүй электр тармактар ишканасы ААКсынын балансына акысыз өткөрүп берилсин:
-Первомайское айылы, Ынтымак жаңы конушу дареги боюнча жайгашкан ТКЧ-1275/160 кВА күч трансформатору;
-Ак-Кудук айылы,Улан жаңы конушу дареги боюнча жайгашкан
ТКЧ-1273/160 кВА күч трансформатору
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, салыктар, инвестициялар жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Дж.Маванкуй |