Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кенешинин I –чакырылышынын
I -кезектеги сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры № 1
Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасын жана орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын жана Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеӊешинин Эсептөө комиссиясынын № 1 протоколун жетекчиликке алуу менен;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасын шайлоо, жашыруун добуш берүү боюнча, эсептөө комиссиясынын № 1 протоколу бекитилсин.
2. Депутат Качкымбаева Нургул Суттубаевна Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кенешинин төрайымы болуп шайланды деп, эсептелсин.
3. Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеӊешинин төрагасынын орун басары болуп Таалайбек уулу Анарбек болуп шайланды,эсептелсин.
4. Токтомдун көчүрөсү Манас аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
Төрайым |
| Н.Качкымбаева |
Кыргызстан айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги сессиясынын
№1 протоколу
27.11.2024 жыл |
| Талас айылы |
|
|
|
Сессияга чакырылган депутаттардын саны 21 |
|
|
Сессияга катышкандардын саны -21 |
|
|
|
|
|
Төрагалык кылуучу: Иткараева А |
|
|
Сессиянын катчысы: Джаналиева Б. |
|
|
Күн тартибинде каралуучу маселелер
1. Мандат тапшыруу
2. Төрага жана орун басарын шайлоо
3. Ар кандай маселелер
Угулду: Тойчубекова А.- Саламатсыздары! 2024 –жылдын 17 –ноябрында жергиликтүү депутаттардын шайлоо болуп өтүү, эӊ мыкты чыгаан уул, кыздар өтүштүү, Сиздерге ден соолук, ишиңиздерге ийгилик демекчимин.
2024-жылдын 17- ноябрында дайындалган Талас облсунун Манас районунун Кыргызстан айылдык кенешинин депутаттарын шайлоосунун жыйынтыктарынын негизинде “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 51, 52, 62-беренелери менен тааныштырып өттү. Бүгүнкү күндүн сессиясы төраганы шайлоо жөнүңдө. Уруксат берсеӊиздер мандат тапшырып койсом. Ар бир шайлоо участкасы боюнча тизмектеп чакыра берейин.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан айыл аймагы боюнча шайланган 21 депутат мандат тапшыруу ийгиликтүу аяктады.
Угулду: Тойчубекова А. Мандатыныздар кут болсун ишиниздерге ийгилик.депутаттардын улуусуна сөз берсек андан ары өзүнүздөр иш алып барасыздар.
Угулду: Масалбекова А. Куттуктоо сөз сүйлөп баарына ийгилик каалады.
Төрагалык кылуучу жашы боюнча улуу депутат Иткараева Айнурага сөз берилди. Төрагалыкка кимди көрсөтөсүздөр.
Угулду: Бегманов Орун -Качкымбаева Нургулду сунуштаймын, 2 жолку депутат, тажыйырбасы бар.
Угулду: Джолчубеков Осмонбек – Талайбек уулу Анарбекти сунуштаймын.
Угулду: Качкынбаева Н – өзүнүн иштеген өмүр баяны жөнүндө кыска маалымат берди.
Угулду: Талайбек уулу Анарбек – Өмүр баяны жөнүндө маалымат берди.
Угулду: Иткараева А добуш берүүнү баштайлы.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында
Качкымбаева Н - 12 добуш
Таалайбек уулу А - 9 добуш
Угулду: Иткараева А - Төраганын орун басарын Таалайбек уулу Анарбекти сунуштаймын. Угулду: Качынбаева Н – Дагы кимде кандай сунуш бар ? Жок болсо анда төраганын орун басары Таалайбек уулу Анарбек бир добуштан шайланды. Жогоруулардын баарын эске алып чечим кылат:
1. Кыргызстан айылдык кенешинин төрагасынын кызмат ордуна Качкымбаева Нургул Суттубаевна деп бекитилсин
2. Кыргызстан айылдык кенешинин орун басары Таалайбек уулу Анарбек деп бекитилсин.
Бугунку сессияда кун тартибине ылайык маселелер каралды. Дагы кимде кандай сунуш, пикир бар ? Жок болсо анда сессияны жабык деп жарыялаймын, келип катышканыздарга чон рахмат.
Төрагалык кылуучу |
| Иткараева А. Н |
|
|
|
Сессиянын катчысы: |
| Джаналиева Б.Т |