Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-январы № 17/IV-29
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Ак-Кудук айылдык кеңешинин сессиясында айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында түзүлүүчү жер комиссиясынын курамын түзүү маселесин талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобосунун” 21-пунктуна таянып айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиясынын курамы бекитилсин. /Комиссия курамы тиркелет/
2. Комиссия курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобосуна” ылайык иш жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жер маселелери боюнча айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Дж.Маванкуй |