Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кенешинин I –чакырылышынын
I -кезектеги сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры № 3
Элдик Курултай жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “Кезектеги ΙΙΙ Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине, 15-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык, Кыргызстан айылдык кеңешинин депутаттары өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтордун мүчөлөрүн дайындоо жана жыйындарды өткөрүүнүн графигин бекитүү боюнча талкууга салып айылдык кеңеш;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кезектеги ΙΙΙ Элдик Курултайдын делегаттарын айыл аймактарынан, шаарлардан шайлоонун тартиби жөнүндөгү 2-бөлүмүнүн 7-пунктунун негизинде, Жумушчу топтун курамын, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн дайындоо боюнча айылдык кеңештин комиссия курамы түзүлсүн:
• Н.Качкымбаева - комиссия төрайымы
• Б.Джаналиева - комиссия катчысы
мүчөлөрү:
• Э.Султанкулова - Айылдык кеңештин депутаты
• А.Доронбеков - Айылдык кеңештин депутаты
• А.Иткараева - Айылдык кеңештин депутаты
• К.Станалиев - Айылдык кеңештин депутаты
• К.Дуйшенов - Айылдык кеңештин депутаты
• Ж.Алтеев - Айыл аксакалдар сотунун мүчөсү
• Ж.Джанталиев - Көк-Дөбө ,Манас айылдардын айыл башчысы
2. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын/чогулуштарын өткөрүү график боюнча бекитилсин. (тиркелет)
Төрайым |
| Н.Качкымбаева |
Кыргызстан айыл аймагынын тургундарынын
жыйындарын/чогулуштарын
өткөрүү боюнча графиги
№ | Айылдын аталышы | Күнү | Сааты |
1 | Көк-Дөбө | 4.12.2024 | 10-00 |
2 | Манас | 4.12.2024 | 11:30 |
3 | Талас | 4.12.2024 | 13:30 |
4 | Май | 4.12.2024 | 15:00 |
5 | Новодонецк | 4.12.2024 | 15:00 |
|
|
|
|