Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кенешинин 1 –чакырылышынын
11 -кезектеги сессиясы
2025-жылдын 23-январы № 5
Кыргызстан айыл өкмөт башчысынын маалыматы жана Кыргызстан айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргызстан айыл өкмөт башчысынын (М.Дүйшөбаев) 2024-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап жана ошондой эле Кыргызстан айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата аткара турган иш планын бекитүү максатында Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айыл өкмөт башчысы М.Дүйшөбаев 2024-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө маалыматы канааттандырарлык деп табылсын;
2. Кыргызстан айыл өкмөтүнүн 2025 -жылга карата аткара турган иш планы бекитилсин
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Кыргызстан айыл өкмөт башчысы М.Дүйшөбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым |
| Н.Качкымбаева |