Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кенешинин I –чакырылышынын
I-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 4-марты № 10
“Милициянын жана почта кызматынын айылдык бөлүмчөсүн салуу үчүн жер тилкесин берүү жөнүндө”
Кыргызстан айыл аймагына караштуу Талас айылынын Молодежная жана Садовая көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан идентификациялык номери 6030210010694 сандуу болгон жер тилкесинин ичинен милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн жана байланыш түйүнүн кызматынын имаратын салууга жер тилкесин бөлүп берүү максатында Кыргызстан айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айыл аймагына караштуу Талас айылынын Молодежная жана Садовая көчөлөрүнүн ортосунан милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн имаратын куруу үчүн 1000 кв.м жана байланыш түйүнүн имаратын куруу үчүн 1000 кв.м жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Жер тилим бөлүп берип, тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы Кыргызстан айыл өкмөт башчысы М.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым |
| Н.Качкымбаева |