Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кенешинин I –чакырылышынын
II-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 25-марты № 14
Тал-теректерди кыюу жөнүндө
Тараз-Талас–Суусамыр авто жолундагы жана «Кичи-Капка» унаа жолу өткөрмө пунктун ачуу максатында электр чубалгыларына тоскоолдук кылганжана жол боюндагы тал-теректерди кыюу маселесин талкуулап, Кыргызстан айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тараз-Талас –Суусамыр авто жолундагы «Кичи-Капка» унаа жолу өткөрмө пунктун ачуу максатында Кыргызстан айыл аймагынын администравтивдик чегиндеги берилгендигине байланыштуу жакыр үй-бүлөлөргө отун катары болгон тал-теректерди кыюу Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигининин Талас регионалдык башкармалыгынын макулдашуусу менен жүргүзүлсүн;
2. Токтомдун аткарылышын Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дүйшөбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин
Төрайым |
| Н.Качкымбаева |