Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-февралы № 21/V-29
АЖМфнын жерлерин ижарага алуучу Д. Ж.Шаршекеев менен келишимди бузуу жана ал жерлерди "Барман" дыйкан-фермердик чарбасына өткөрүп берүү жөнүндө
АЖМФ жерлеринин типтүү ижара келишиминин 5-пунктуна ылайык АЖМФ жерлеринин ижарачысы Д. Ж Шаршекеевдин №269 контурда жайгашкан 28 га сугат жерин ижарага алган 2022-жылдын 19-декабрындагы келишимди бузуу жөнүндө арызынын негизинде,ошондой эле “Барман” дыйкан чарбасы ижарага колдонуп жүргөн АЖМФнын 30 га сугат жерин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасына ыкчам башкарууга өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ижарачы Д.Ж.Шаршекеев менен Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн ортосундагы АЖМФ жерлерин ижарага берүү боюнча 2019-жылдын 19-декабрындагы келишими токтотулсун.
2. АЖМФнын №269 контурдагы 28 га сугат жери 05.04.2019-жылдагы ижара келишими менен алган "Барман" дыйкан чарбасына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу
Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасына өткөрүп берилген 30 га жердин ордун толтуруу үчүн 2026-жылдын апрель айына чейин мурдагы шарттардагы ижара келишими менен ижарага берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Кудук айылдык кеңешинин жер, турак жай, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Дж.Маванкуй |