Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 16-февралы № 78-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы «Түштүк регионундагы рефералдык ооруканалардын медициналык жабдууларын жакшыртуу боюнча долбоор» долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «JICA» Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы «Түштүк регионундагы рефералдык ооруканалардын медициналык жабдууларын жакшыртуу боюнча долбоор» долбоору боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Көрсөтүлгөн макулдашууларды ишке ашырууга жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын «16» февралындагы № 78-т тескемеси менен жактырылган
|
2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы «Түштүк регионундагы рефералдык ооруканалардын медициналык жабдууларын жакшыртуу боюнча долбоор» долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «JICA» Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы «Түштүк регионундагы рефералдык ооруканалардын медициналык жабдууларын жакшыртуу боюнча долбоор» долбоору боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
корутундусу
2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы «Түштүк регионундагы рефералдык ооруканалардын медициналык жабдууларын жакшыртуу боюнча долбоор» долбоору боюнча алмашуу ноталары (мындан ары – Алмашуу ноталары) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «JICA» Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы «Түштүк регионундагы рефералдык ооруканалардын медициналык жабдууларын жакшыртуу боюнча долбоор» долбоору боюнча гранттык макулдашуу (мындан ары – Гранттык макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келет, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Алмашуу ноталарын жана Гранттык макулдашууну даярдоо жана кол коюу жөнүндө чечимдин негизине биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын түштүк облустарынын рефералдык ооруканаларына жүрөк-кан тамыр ооруларын жана онкологиялык ооруларды дарылоо үчүн медициналык жабдууларды берүү жолу менен жугуштуу эмес ооруларды диагностикалоо жана дарылоо жаатындагы потенциалды чыңдоого багытталган кызыкчылыктар коюлган, бул медициналык кызматтын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт. Долбоорду ишке ашыруу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын калкына адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кыйла жогорулатууга, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыкты чыңдоого мүмкүндүк берет. Көрсөтүлгөн Алмашуу ноталарын жана Гранттык макулдашууну ратификациялоо ангиография комплексин, маммографтарды, рентген түзүлүштөрүн жана башка жабдууларды сатып алууга жана орнотууга багытталган грант алуу үчүн укуктук шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Мамлекетти экономикалык өнүктүрүү милдеттеринин артыкчылыктуулугунун негизинде Алмашуу ноталарын жана Гранттык макулдашууну ратификациялоо негиздүү, пайдалуу жана зарыл болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун тексттери аларга кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 1099-т тескемеси менен жактырылган жана 2025-жылы 12-декабрындагы Бишкек шаарында кол коюлган.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Алмашуу ноталары жана Гранттык макулдашуу ратификацияланууга тийиш.
Алмашуу ноталарын жана Гранттык макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансылык, экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.