Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-февралы № 22/V-29
Жер тилкесин ыкчам башкарууга өткөрүп берүүгө жана жер участокторун которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин сессиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 31-январындагы №6316, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 31-январындагы №10/297 катынын, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2025-жылдын 5-февралындагы №01-14/6 сандуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы” ишканасына жүктөрдү кайра иштетүү жана сактоо үчүн аймактарды кеңейтүү, көбөйгөн жүк агымын ыкчам иштетүү жана жогорку сапаттагы кампаны жана логистиканы камсыз кылууга жер тилкесин өткөрүп берүү жөнүндөгү протоколдук тапшырмасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн № 446 контурунда жайгашкан “айыл чарба багытындагы категориядагы” 30 га мамлекеттик фондунун сугат жери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы” ишканасына ыкчам башкарууга өткөрүп берүүгө жана “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Кудук айылдык кеңешинин жер, турак жай, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Дж.Маванкуй |