Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-февралы № 23/V-29
Ак-Кудук айыл аймагында жайгашкан декадалык жөнгө салуу бассейнин /БДР/ Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин сессиясында Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 4-февралындагы №842 сандуу тапшырмасына ылайык айыл аймагындагы декадалык жөнгө салуу бассейнин элди сугат суу менен камсыздоо, капиталдык ремонт жүргүзүү, натыйжалуу башкаруусун жана өнүгүүсүн ишке ашыруу максатында Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл аймагынын №662 контурунда жайгашкан, аянты 12,2 гектарды түзгөн декадалык жөнгө салуу бассейни /БДР/ Ысык- Ата райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Кудук айылдык кеңешинин жер, турак жай, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Дж.Маванкуй |