Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-февралы № 24/V-29
Ак-Кудук айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Уставын бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин сессиясында Ак-Кудук айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын Уставын талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине таянып Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын Уставы бекитилсин.
(тиркеме Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндө)
2. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн аппаратына:
-Уставдын кабыл алынган редакциясын элге тааныштыруу максатында маалымат такталарына жана айыл өкмөтүнүн ведомстволук сайтына жайгаштырылсын;
-бул токтом Уставдын текстин тиркөө менен ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Дж.Маванкуй |