ТоктомКүчүндө

Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 21-майындагы № 18 «Муниципалдык менчиктеги эксковатор - тракторунун калкка кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция21.05.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кенешинин I –чакырылышынын

III-кезектеги сессиясы

 

2025-жылдын 21-майы № 18

 

Муниципалдык менчиктеги эксковатор - тракторунун калкка

кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү жөнүндө

 

Муниципалдык менчиктеги эксковатор - тракторунун калкка кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү маселесин талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27 - беренесин жетекчиликке алып, Кыргызстан айылдык кеңеши; 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Муниципалдык менчиктеги эксковатор - трактор жана жүктөгүч калкка кызмат көрсөтүү тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин :

- Кыргызстан айылдык аймагынын тургундары жана мекеме-уюмдар үчүн саатына эксковатор –трактор - 2500 сом ;

жүктөгүч - 3000 сом

айдоо – 3500 сом

диск “Бороно” – 1500 сом

пресподборщик – 15 сом

- аралыгына жараша - келишимдин негизинде   

 

2. Түшкөн каражат “Талас –Май” МИсынын бюджетине кириштелсин;

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрайым

 

Н.Качкымбаева