Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-февралы № 25/V-29
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы А.М.Омуралиев сунуштаган айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата социалдык-экономикалык программасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.
2. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планында каралган иш чараларды аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлөт.
Төрага: | Дж.Маванкуй |