Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-февралы № 26/V-29
“Ак-Кудук айыл аймагынын тургундарына материалдык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө жобосун” бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин сессиясында Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн калкты социалдык жактан коргоо программасын карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 3-пунктуна ылайык Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Ак-Кудук айыл аймагынын тургундарына материалдык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө жобосу” бекитилсин.
(тиркеме Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндө)
2. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн аппаратына:
-бекитилген программанын негизинде жергиликтүү калкка социалдык жактан жардамдар көрсөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык жактан коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият,спорт жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Дж.Маванкуй |