Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-февралы № 27/V-29
“Милянфан” сугат суу колдонуучулар ассоциациясынын карызын төлөө жөнүндө
Айылдык кеңешинин сессиясында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондунун доо-талап катын карап чыгып,Ысык-Ата райондук сотунун 2023-жылдын 29-августундагы ГД-334/23ч8 аткаруу баракчасынын жана Ысык-Ата райондук финансы башкармалыгынын 2024-жылдын 24-сентябрындагы №10-02/225 катынын негизинде Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондусуна “Милянфан” сугат суу колдонуучулар ассоциациясынын товардык кредитке болгон карызынын 10% болгон 280518 сом каражатты бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Дж.Маванкуй |