Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кенешинин I –чакырылышынын
IV-кезектүү сессиясы
2025-жылдын 30-июлу № 30
Кыргызстан айыл аймагында жер, мүлк салыгынын ченин жана зоналдык
коэффициентин киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февраль айындагы № 37 “Кыргыз Респрубликасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык Салык кодексине “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде Кыргызстан айылдык кеңештин кезектүү сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айыл өкмөтүнүн аймагында 2026-жылдын 1-январь айынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.
2. Мүлк салыгын эсептөө Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде турак жай үчүн 1,5 чени (ставка) менен жүргүзүлсүн.
3. Кыргызстан айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыктарын эсептөө үчүн КЗ- зоналдык коэффициенти 1,5 болуп бекитилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы С.Белековага көзөмөлдөө бюджет- экономика тармагы боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым |
| Н.Качкымбаева |