Редакцияот 27.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги 21-сессиясы

 

2026-жылдын 27-январы  № 2

Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 197,9 миң сом жана атайын каражаттын  219,2 миң сом калган калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетине бекитип берүү жөнүндө

 

  Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын  1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинин 197,9 миң сом жана атайын каражаттын  219,2 миң сом калган калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетине иштетүү боюнча айылдык кенештин бюджет, экономика жана салык боюнча туруктуу комиссиясынын талкуусун угуп, жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевдин билдирүүсүн  талкуулап, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши      

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:  

     1.Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата 2025-жылдан калдык болуп өткөн 417,1 миң сом, ( анын ичинен атайын каражаттар эсебинде 219,2 миң сом) калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө төмөндөгү бөлүмдөрдүн беренелерине кошумча киргизилсин.

 

бөлүм

бөлүмдүн аталышы

берененин аталышы

берене

сумма

70821

Китепкана

Соц фондго чегерүүлөр

2121

13,9

70821

Китепкана

Машинелер жана жабдуулар

3112

184,0

70911

Балдар бакчасы

Тамак-аш алуу (атайын каражат)

2218

219,2

 

бардыгы

 

 

417,1

 2.Айылдык кеңештин сессиясында талкууланган 2026-жылдын 1-январына карата 2025-жылдын калдык 417,1 миң сом, (анын ичинен атайын каражаттар эсебинде 219,2 миң сом) калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына киргизип берүү жагы Алай райондук финансы башкармалыгынан суралсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевке, социалдык-эконмикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы С.Карыбековго тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:

Н.Турсуналы уулу