Загрузка документа…
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-январы №12
Исхак-Полотхан айыл өкмөтү тарабынан сунушталган долбоорлорго өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө.
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 23-январында кезектеги үчүнчү сессиясына сунушталган маселелерди талкуулап чыгып,
Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Исхак-Полотхан айыл өкмөтү тарабынан 2025-жылда инвестиция тартуу үчүн өздүк салымдар төмөнкү тизмеге негиз бекитилсин:
1. Жеңиш айылындагы маданият үйүнүн имаратын ремонттоо долбооруна 500 000 ( беш жүз миң) сом каралсын.
2. Айыл аймагындагы 4180 метр ички арыктарды бетон арык кылуу долбооруна 400 000(төрт жүз миң) сом каралсын.
3. Көк-Тал айылында 1 даана скважина чыгаруу долбооруна 400 000(төрт жүз миң) сом каралсын.
2. Токтомду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аткарууга алуу жагы, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мамасалиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Г. Матажиев |