Редакцияот 05.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги 9-отуруму

 

2025-жылдын 05-июну  №9/2

Мурдаш айылынын жаратылышын коргоо максатында эс алуучулар  үчүн кирүү тарифин бекитип берүү жөнүндө

Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылынын 30-майындагы элдик жыйынынын протоколун жана “Жибек-Жолу Алай” коомдук бирикмесинин кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жибек-Жолу айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылынын 30-майындагы элдик жыйынынын протоколу жана “Жибек-Жолу Алай” коомдук бирикмесинин кайрылуусу эске алынсын.

2. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылына эс алуучулардын кирип чыгуу боюнча макулдашылган төлөм тарифтери төмөндөгүдөй болуп белгиленсин;

- Сырттан келген авто унааларга- бир авто унаага- 100 сомдон.

- Сырттан келген жарандарга-бир адамга- 50 сомдон.

- Айыл өкмөтүнүн аймагынан келген авто унааларга- бир авто унаага- 50 сомдон.

- Айыл өкмөтүнүн аймагынан келген жарандарга –бир адамга-25 сомдон.

3. Эс алуучулардан түшкөн акча каражат “Жибек-Жолу Алай” коомдук бирикмесинин фондусунун эсебине төгүлсүн жана түшкөн акча каражаттын эсебинен жаныбарлар, канаттуулар, балыктар, жартылыш корголуп, коомдук коопсуздук сакталып, санитардык эрежелер сакталсын.

4. “Жибек-Жолу Алай” коомдук бирикмеси жөнүндө жобого ылайык иш алып баруу бирикменин жетекчилигине тапшырылсын жана ар бир жарым жылдыкта Жибек-Жолу айылдык кеңешине түшкөн киреше боюнча отчёт берип турсун.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловко жүктөлсүн.

 

 Төрага

Б.Ж.Артыков