Редакцияот 29.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз 8-отуруму

 

2025-жылдын 29-майы  №8

Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин жайкы каникулга таратуу жөнүндө

Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жооптуу катчы                                A. Арзиеванын жана Бала бакчалардын башчыларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде өткөрүлгөн  ата-энелердин чогулушунун протоколунун негизинде Жибек-Жолу айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдарды жайкы каникулга таратуу боюнча мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде өткөрүлгөн ата-энередин чогулушунун протоколу эске алынсын;

2. 2025-жылдын 1-июнунан тартып 31-августуна чейин мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан балдарды жайкы каникулга таратууга уруксат берилсин;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловко милдеттендирилсин.

 

 Төрага

Б.Ж.Артыков