Редакцияот 15.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги 7-отуруму

 

2025-жылдын 15-апрели  №7/1

Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жазгы талаа жумуштары жөнүндө

 

Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, агрардык айыл-чарба жана өсүмдүк өстүрүү боюнча жетектөөчү  адисинин жана жайыт адисинин, айыл башчыларынын  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жибек-Жолу айылдык кеңешинин отуруму токтом кылат:

. Колдо бар болгон айыл чарба техникаларын, шаймандарын пайдаланып жазгы талаа жумуштары өткөрүлгөндүгү жана жайлоого көчүп-конуу боюнча элдик жыйындар өткөрүлгөндүгү белгиленсин;

 

2. Калкты Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан берилип жаткан күйүүчү май жана сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу жагы колго алынсын;

 

3. Элдик жыйында кабыл алынган чечимге ылайык 1-10-майдан калбай алыскы жайытттарга көчүп кетүү, 1-10-сентябрга чейин өз мөөнөтүндө көчүп келүү боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жергиликтүү тургундар менен тыгыз байланышта иш алпаруу ар бир айыл башчыга милдеттендирилсин;

 

4. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагында отургузулган көчөттөрдүн өсүшүн көзөмөлдөө, кышка карата тоютту камдоого азыртадан көңүл буруу жана чөп орунду жерлерин коргоо боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлсүн;

 

5. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандар айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган ишембиликтерге тартылып, бөлүнгөн аймактарын таштандыдан арылтуу иштерин уюштурсун.

 

6. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Р. Камиловко көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссия милдеттендирилсин.

 

 Төрага

Б.Ж.Артыков