Редакцияот 06.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин V чакырылыш кезектеги XIХ сессиясы

 

2025-жылдын 06-февралы №80

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы                 № 266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кадамжай шаардык мэриясынын кызматкерлеринин айлык акыларына 25 % үстөк акы кошуп төлөө жөнүндө.

 

Кадамжай шаардык мэриясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кадамжай шаардык мэриясынын жана шаардык кеңештин кызматкерлеринин айлык акыларына 25 % үстөк акы кошуп берүү  жөнүндө” сунушун  угуп, талкуулап,  шаардык  кеңештин каржы, бюджет, пландоо  жана  экономиканы өнүктүрүү  боюнча  туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шардык кеңеши токтом кылат:  

  1. Кадамжай шаардык мэриясынын жана шаардык кеңештин кызматкерлерине иштин татаалдыгын жана көптүгүн эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин көбөйгөндүгүнө байланыштуу айлык акыларына  25 % өлчөмүндө үстөк  акы кошулсун.

 

  1. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Кадамжай шаардык мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Жумаматовко милдеттендирилсин.

 

  1. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына  жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.  
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

   

 

 

Төрага:

К.Дастиров