Редакцияот 02.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясы

 

 

2024-жылдын 2-апрели № 12

 

Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат акысын белгилөө жана мал-жандыктарга чегерилген жайыт акысын бекитүү жөнүндө

 

Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат акысын белгилөө жана мал-жандыктарга чегерилген жайыт акысын бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.

1.Элдин малын багуучулар 1 баш кой-эчкиге 130 (бир жүз отуз) сомдон, 1 баш кара-малга 600 (алты жүз) сомдон, 1 баш жылкыга 800 (сегиз жүз) сомдон кызмат акысы чегерилсин.

2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында 1 баш кой-эчкиге 25 (жыйырма беш) сомдон, 1 баш кара-малга 100 (жүз) сомдон, 1 баш жылкыга 100 (жүз) сомдон жайыт салыгы бекитилсин.

3.Токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

Төрага

 

Кыргызбаев А. К