ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясы
2024-жылдын 2-апрели № 16
Корс-Этти айылынын тургуну Шаимкулова Чынаркандын арызын канааттандыруу жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I - сессиясы күн тартибиндеги Корс-Этти айылынын тургуну Шаимкулова Чынаркандын арызын канааттандыруу жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Корс-Этти айылынын тургуну Шаимкулова Чынаркандын арызынын негизинде Арзыкулов Ысман көчөсүнүн тургуну Шаимкулова Чынаркандын үйүнө “Санам апа” бакчасын ачууга уруксат берилсин.
2.Жеке турак-жайы бала-бакча багытына өзгөртүлүп берилсин.
3.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бала-бакчаны камсыздоо үчүн кетирүүчү чыгымдарды эсептеп чыгып, айыл өкмөтүнүн бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы жана бюджеттен бөлүштүрүү жагы Өзгөн райондук каржы бөлүмүнөн суралсын жана Ийри-Суу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| Кыргызбаев А. К |