Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз III - сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 21
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жол тазалоочу атайын техника сатып алуу жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши (VII- чакырылышынын) кезексиз III- сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жол тазалоочу атайын техника (грейдер) сатып алуу жөнүндө айыл өкмөт башчысынын сунуш каты жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жол тазалоочу атайын техника сатып алуу жөнүндө сунушу колдоого алынып, макулдук берилсин.
2.Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жооптуу катчы Б. Мамадалиевке тапшырылсын.
3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шаимкулова Чынарга жүктөлсүн.
Төрага |
| Кыргызбаев А. К |