Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз III - сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 22
Келишимдик (контрактык) негизинде жумушка кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын 7- февралындагы № 52 Токтому менен бекитилген Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө жобонун 17- пункутун жетекчиликке алып, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүү максатында 6 ( алты ) штатка келишимдин негизинде жумуш орундары аныкталсын.
2.Эмгек акысы Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 151- беренесине ылайык жашоо минимунун өлчөмүнөн аз эмес 25000 ( жыйырма беш мин ) сомдон төлөнүп берилсин.
3.Мезгили келгенде мыйзам талаптарынын негизинде штатка жана токтомго өзгөртүүлөр киргизүү жагы эске алынсын.
4.Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Икрамовго милдеттендирилсин.
5.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кенешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шаимкулова Чынарга жүктөлсүн.
Төрага |
| Кыргызбаев А. К |
Ийри-Суу айылдык кеңешинин 19- апрель 2024- жылдагы№ 22 токтомуна тиркеме
Келишимдик ( контрактык) негизинде жумушка кабыл алынган кызматкерлер
1. Айтиев Улукбек Адылбекович – айыл башчы
2. Кубатов Толкунбек Таирович – айыл башчы
3. Айдарбек уулу Бектур – айыл башчы
4. Сыргабаев Нурмамат Усенович – ВУС инспектор
5. Топчуев Батырали Абдыкадырович - Ирригация таза суу, тазалык айлана чөйрөнү коргоо
маселелери боюнча кызмат
6. Чолпонбаев Карыпбай Токоевич – Жыйыт комитетинин төрагасы
Түзгөн Г. Абдыразакова