Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз IV- сессиясы
2024-жылдын 17-майы № 25/1
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчик жерлердин ижара акысын бекитип берүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз IV-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчик жерлердин ижара акысын бекитип берүү жөнүндө Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, жоопту катчы Б. Мамадалиевдин сунушун карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчик жерлердин ижара акысы пайдаланучулар үчүн комерсиялык багытта 50 (элүү) сомдон, өндүрүштүк багытта 30 ( отуз) сомдон бекитилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер маселелри боюнча жетектөөчү адисине тапшырылсын.
3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кенешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шайимкулова Чынарга жүктөлсүн.
Төрага |
| Кыргызбаев А. К |