Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз V- сессиясы
2024-жылдын 23-майы № 26
«Угольная Компания» жоопкерчилиги чектелген коомунун Кульданбес көмүр кенинин Түндүк -Чыгыш участкасынан көмүр казып алуу боюнча маселесин кароо жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттары «Угольная Компания» жоопкерчилиги чектелген коомунун Кульданбес көмүр кенинин Түндүк -Чыгыш участкасынан көмүр казып алуу боюнча жазган 08.05.2024-ж. №10 сандуу арызынын жана Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик Комитети тарабынан берилген 5710 СЕ номерлуу лицензиясын карап, талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.«Угольная Компания» жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик Комитети тарабынан берилген 5710 СЕ номерлуу лицензиясынын негизинде Ийри-Суу айылдык аймагынын Кульданбес көмүр кенинин Түндүк - Чыгыш участкасынан жалпысы 38,60 га жер аянтын 2036 жылга чейин пайдаланууга макулдук берилсин, анын ичинен 13,13 га жер аянтын көмүр казып алуу үчүн, ал эми 25,47 га жер аянтын калдыктарды төгүү, өндүрүш аянтчасы үчүн жана көмүр карьеринин инфраструктуранын объектилерин куруу үчүн.
2.Ушул жогорудагы 38,60 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын 15 декабрь 2017 жылкы № 810 токтомунун негизинде бекителген жобого ылайык «Угольная Компания » жоокерчилиги чектелген коомуна жерди башка категорияга которулбастан (трансформацияланбастан) берилсин.
3.Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ нун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Мисиралиев Замирге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Кыргызбаев А. К |