Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 23-майы № 27
«Угольная Компания» жоопкерчилиги чектелген коому айыл аймагынын айыл өкмөтүнө акча каражатын которуп берүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын ) кезексиз V сессиясынын күн тартибиндеги«Угольная Компания» жоопкерчилиги чектелген коому айыл аймагынын айыл өкмөтүнө акча каражатын которуп берүү жөнүндө маселени карап, талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри-Суу айылдык аймагынын Кульданбес көмүр кенинин Түндүк - Чыгыш участкасынан жалпысы 38,60 га жер аянтын 2036 жылга чейин пайдаланууга макулдук берилгендиктен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебине жылына 15 000 000 (он беш миллиондон) 20 000 000 чейин (жыйырма миллионго) чейин акча каражатын которуу жагы милдеттендирилсин.
2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шаимкулова Чынарга жүктөлсүн.
Төрага |
| Кыргызбаев А. К |