Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз V- сессиясы
2024-жылдын 23-майы № 28
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн бюджеттинин 2024- жылдын 4 айдын жыйынтыгы менен 227,6 мин сом акча каражатына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII- чакырылышынын) кезексиз V- сессиясынын күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри- Суу айыл өкмөтүнүн бюджеттинин 2024- жылдын 4- айдын жыйынтыгы менен 227,6 мин сом акча каражатын тиешелүү беренесине жылдырууга макулдук берилсин.
2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүмдөрүнүн беренелерине 227,6 мин сом, акча каражаты жылдырылсын.
3.Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шаимкулова Чынарга жүктөлсүн.
Төрага |
| Кыргызбаев А. К |