Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз V- сессиясы
2024-жылдын 23-майы № 30
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө муниципалдык менчик ачуу жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII- чакырылышынын) кезексиз V-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат,
1.Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу, көрктөндүрүү, жарыктандыруу жана жашылдандыруу, экологиялык коопсуздукту көзөмөлдөө, сугат суу менен камсыздоо, жайыттарды башкаруу жана пайдаланууга берүү, муниципалдык жана мамлекеттик буйрутмаларды аткаруу, жеке жана юридикалык жактарга акы алуу менен кызмат көрсөтүү боюнча бириктирилген Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө муниципалдык ишкана ачууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ нун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Мисиралиев Замирге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Кыргызбаев А. К |