Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү
3-кеңешмеси
2025-жылдын 3-февралы № 29
2024-жылдагы үнөмдөлүп калган эркин каражатты бөлүштүрүү жөнүндө
Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы үнөмдөлүп калган эркин каражаттын карап чыгып, Эл депутаттарынын Чоң-Алыш айыл аймактык Кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү 3-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы эркин каражаты 9478,6 миң сомго бекитилсин жана төмөндөгүдөй жумшалсын:
- Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн кеңсесин капиталдык ремонттон өткөзүүгө 5300,0 млн.сом.
- ирригация тармагына каналдарды оңдоого 3000,0 млн.сом.
- Сабира-Апа бала бакчасынын айлык акысына 1178,6 млн.сом.
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Чоң-Алыш айыл Кеңешинин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Айыл өкмөтүнүн мекеме уюмдары жыл ичинде каржылоо чыгымдарына зарыл болгон учурда бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө, беренеден беренеге, чейректен чейрекке жылдыруу жагы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренесинин негизинде жүргүзүлсүн жана айыл өкмөттүн каржы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т. Бейшеналиев |