Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 17-февралы № 16
2025-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун
ортосундагы «Суу менен камсыздоого жана санитарияга
жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)» программасы боюнча
кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1- берене
2025-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)» программасы боюнча кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2- берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондуна белгиленген тартипте кабарласын.
3- берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 20-февралындагы № 12 (3772) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |